- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- Компаньон Банкы Эл аралык үй-бүлөлүк акча которуулар күнүнүн (IDFR-2026) баалуулуктарын колдойт
Банк жаңылыктары
%2520(2).png&w=3840&q=75)
Компаньон Банкы Эл аралык үй-бүлөлүк акча которуулар күнүнүн (IDFR-2026) баалуулуктарын колдойт
Компаньон Банкы Эл аралык үй-бүлөлүк акча которуулар күнүнүн (IDFR-2026) баалуулуктарын колдойт
Жыл сайын 16-июнда дүйнө жүзүндө Эл аралык үй-бүлөлүк акча которуулар күнү (International Day of Family Remittances, IDFR) белгиленет. Бул күн Бириккен Улуттар Уюмунун демилгеси болуп саналат жана өз үй-бүлөлөрүн жана коомчулуктарын акча которуулар аркылуу колдоп келген миллиондогон эмгек мигранттарынын салымын таанууга арналган.
Көптөгөн үй-бүлөлөр үчүн акча которуулар маанилүү колдоо булагы болуп эсептелет. Алар балдардын билим алуусуна, медициналык кызматтарга, күнүмдүк чыгымдарга каражат бөлүүгө, жеке ишкерликти өнүктүрүүгө жана келечек үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жардам берет.
Компаньон Банкы Үй-бүлөлүк акча которуулардын эл аралык күнү (IDFR-2026) карманган баалуулуктарды колдойт жана эмгек мигранттарын жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоого багытталган глобалдык демилгеге кошулган.
Компаньон Банкынын расмий билдирүүсү (Endorsement Statement) Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун (IFAD) расмий сайтында жарыяланган.
IDFR-2026нын баалуулуктарын бөлүшүү менен Компаньон Банкы эмгек мигранттары жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн жеткиликтүү жана коопсуз финансылык кызматтарды өнүктүрүүнү колдойт. Бүгүнкү күндө Банктын кардарлары Кыргызстандын бардык аймактарындагы кеңири тейлөө түйүндөрү аркылуу бир нече популярдуу төлөм системалары менен дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүнө эл аралык акча которууларды жүргүзө алышат.
Банктын санариптик продуктылары ар бир үй-бүлөнүн жана жалпы эле аймактардын экономикалык туруктуулугуна да салым кошот.
Компаньон Банкынын мигранттардын үй-бүлөлөрүн колдоосу финансылык кызматтар менен гана чектелбейт. Банк аймактардын жашоочулары жана эмгек мигранттарынын үй-бүлөлөрү үчүн финансылык сабаттуулук, санариптик коопсуздук, агрономия, мал чарбачылыгы жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча акысыз билим берүү программаларын ишке ашырып келет. Окутуулар үзгүлтүксүз өткөрүлүп, өлкөнүн бардык аймактарын камтыйт.
IDFR-2026 алкагында Компаньон Банкы үй-бүлөлүк акча которуулардын үй чарбаларынын жыргалчылыгы, аймактардын өнүгүшү жана жамааттардын экономикалык туруктуулугу үчүн маанисин жогорулатууга багытталган маалыматтык кампанияны да жүргүзүүдө.
«Ар бир акча которуунун артында үй-бүлөнүн тарыхы, жакындарына болгон камкордук жана келечек муундар үчүн жакшы жашоо түзүүгө болгон умтулуу турат. Биз кардарларыбызга жакындары менен байланышты сактоого жана аларга ыңгайлуу, коопсуз жана жеткиликтүү финансылык чечимдерди сунуштоого мүмкүнчүлүк берип жатканыбызга сыймыктанабыз», — деп белгилешет Компаньон Банкында.
Компаньон Банкы заманбап финансылык кызматтарды өнүктүрүүнү жана финансылык жеткиликтүүлүктү, аймактардын туруктуу өнүгүүсүн жана Кыргызстандагы үй-бүлөлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган демилгелерди колдоону улантат.
IDFR жөнүндө
Эл аралык үй-бүлөлүк акча которуулар күнү (International Day of Family Remittances, IDFR) жыл сайын 16-июнда белгиленет. Бул демилге 2015-жылы Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун (IFAD) Башкаруучулар кеңеши тарабынан негизделип, кийинчерээк БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан колдоого алынган.
Бул күн дүйнө жүзүндөгү миллиондогон эмгек мигранттарынын өз үй-бүлөлөрүнүн жыргалчылыгын, жергиликтүү жамааттардын өнүгүшүн жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого кошкон салымына көңүл бурууга арналган.
#familyremittances #IDFR2026
Бөлүшүү
