kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • “Kompanion Prime” КАРТА ЭЭЛЕРИ ҮЧҮН ЖАҢЫ ПРИВИЛЕГИЯ

Банк жаңылыктары

“Kompanion Prime” КАРТА ЭЭЛЕРИ ҮЧҮН ЖАҢЫ ПРИВИЛЕГИЯ

тогуздун айы 9, 2025

ЖАҢЫ ПРИВИЛЕГИЯ “KOMPANION PRIME” КАРТА ЭЭЛЕРИ ҮЧҮН  

Биз өзгөчө деңгээлдеги кызматты тандаган кардарларыбыз үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип жатабыз.

2025-жылдын 13-октябрынан тарта «Kompanion Prime» (Visa Signature) картасынын ээлери жылына 4 жолу “Манас” эл аралык аэропортунда (Бишкек ш., Кыргызстан) төмөнкү кызматтарды акысыз пайдалана алышат:

Багажды акысыз таңгактоо

VIP-залга акысыз кирүү

Бул кошумча мүмкүнчүлүк — сиздин ыңгайлуулугуңуз жана статусуңуз үчүн биздин кам көрүү белгибиз.

«Kompanion Prime» картасынын негизги артыкчылыктары

Финансылык артыкчылыктар:
- Биринчи жылы акысыз тейлөө жана ыңгайлуу жеткирүү
- Кыргызстандагы бардык банкоматтардан накталай акчаны 0% комиссия менен алуу (чектөөсүз)
- Бардык сатып алууларга 2% кешбэк (айына 2 000 сомго чейин)
- Калдык боюнча жылдык 3% киреше (5 000 сомдон жогору сумма үчүн, Кыргызстандын резиденттери үчүн)
- Ар бир операция боюнча SMS жана push-билдирүү, кезексиз тейлөө
- Картаны чыгаруу баасы: резиденттер үчүн 3 000 сом, резидент эместер үчүн 5 000 сом

Саякатчылар үчүн артыкчылыктар:

- DragonPass бизнес-залдарына кирүү — жылына 4 жолу
- Түркия, Европа, Армения жана Беларус аэропортторунда Fast Track — жылына 10 жолу
- 127 өлкөдө 3 GB чейин акысыз роуминг
- Дүйнө жүзү боюнча туристтик жана медициналык камсыздандыруу
- Алматы жана Астана (Казакстан) аэропортторунда багажды акысыз ороп берүү — жылына 4 жолу,
  Бишкек (Кыргызстан) аэропортунда — 2025-жылдын 13-октябрынан тарта
- Автоунаа ижарасына жана мейманкана брондоого 35% чейин арзандатуу (Booking, Agoda, Sixt, AVIS ж.б.)
- Q Meet & Assist аэропорт кызматтарына 20% арзандатуу — жеке коштоо

Жогорку деңгээлдеги сервистер:
- Visa Luxury Hotel Collection программасы — акысыз эртең мененки тамак, кеч чыгуу, номерди жогорулатуу (мүмкүнчүлүккө жараша)
- Сатып алууларды коргоо жана камсыздандыруу
- 24/7 консьерж-сервис (Telegram жана Viber чат-боттор аркылуу): ресторандар, билет, трансфер, товар жана кызмат издөө
- Visa 360 эл аралык колдоосу жана күнү-түнү иштеген кардар кызматы

Каржыңызды башкаруу:
- Реалдуу убакытта чыгашаларды көзөмөлдөө
- Картаны заматта блоктоо жана ачуу
- Бир нече чыкылдатуу менен которуулар жана толуктоолор
- Автоматтык түрдө эсеп көчүрмөлөрүн алуу жана чыгымдарды талдоо

Картаны кантип алуу керек:
Кыргызстандын резиденттери үчүн: паспорт же ID жана арыз.
Резидент эместер үчүн: паспорт, жашоого уруксат же виза жана арыз.

Kompanion Prime — сиздин ыңгайлуулук жана тандоо эркиндиги үчүн ар күнү иштейт.

Толук маалымат жана шарттар боюнча шилтеме аркылуу өтүңүз: Kompanion Prime


Биз ар дайым байланыштабыз: 88 00 (мобилдик чалуу акысыз) / WhatsApp: 0 770 33 88 00​

Бөлүшүү