kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • МИК АЛДЫН АЛА КЕЛИШИМИ БОЮНЧА ТӨЛӨМ — ЭМИ «КОМПАНЬОН» МОБИЛДИК ТИРКЕМЕСИНДЕ

Банк жаңылыктары

МИК АЛДЫН АЛА КЕЛИШИМИ БОЮНЧА ТӨЛӨМ — ЭМИ «КОМПАНЬОН» МОБИЛДИК ТИРКЕМЕСИНДЕ

чын куран айы 28, 2026

МИК АЛДЫН АЛА КЕЛИШИМИ БОЮНЧА ТӨЛӨМ — ЭМИ «КОМПАНЬОН» МОБИЛДИК ТИРКЕМЕСИНДЕ

Компаньон Банкы мобилдик тиркеменин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, жаңы кызматты ишке киргизет — «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК (МИК) менен алдын ала келишимдер боюнча төлөм жүргүзүү.

Эми кардарлар ай сайынкы төлөмдөрдү онлайн түрдө, бөлүмгө барбастан — ыңгайлуу убакта жана бир нече кадам менен жүргүзө алышат.

Кайдан табууга болот:

Кызмат «Компаньон» мобилдик тиркемесинин «Продукттар жана кызматтар» бөлүмүндө жеткиликтүү.

Кантип колдонуу керек:

  • мобилдик тиркемеге кириңиз;

  • «Продукттар жана кызматтар» бөлүмүнө өтүңүз;

  • «ГИК — алдын ала келишимди төлөө» кызматын тандаңыз;

  • керектүү маалыматтарды киргизиңиз: Аты-жөнү, ИНН, объекттин дареги;

  • сумманы көрсөтүп, операцияны тастыктаңыз.

Жаңы функция кардарларга ГИК келишими боюнча милдеттенмелерин өз убагында аткарууга мүмкүнчүлүк берип, убакытты үнөмдөйт жана кызматка 24/7 жеткиликтүүлүктү камсыздайт.

Компаньон Банкы кардарлар үчүн жеткиликтүү, түшүнүктүү жана ыңгайлуу санариптик чечимдерди өнүктүрүүнү улантат.

Биз дайыма байланыштабыз: 88-00, WhatsApp: +996 770 33 88 00

Бөлүшүү