kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • Жакындарыңызды коргоого жардам бере турган болгону 6 суроо

Банк жаңылыктары

Жакындарыңызды коргоого жардам бере турган болгону 6 суроо

теке айы 13, 2026

Жакындарыңызды коргоого жардам бере турган болгону 6 суроо

Бул чакан тестти 60 жаштан жогорку жакындарыңыз менен чогуу өтүңүз. Бүгүнкү күндө дал ушул курактагы адамдар алдамчылардын көңүл борборунда көбүрөөк болот. Санариптик коопсуздук тууралуу жөнөкөй маек көптөгөн жагымсыз жагдайлардын алдын алууга жардам берет.

Төмөнкү суроолорду бериңиз:

  • Банктын кызматкерлери эч качан акчаны «коопсуз эсепке» же «резервдик эсепке» которууну талап кылбасын билесизби?

  • Бүгүнкү күндө телефондогу каалаган үндү жасалма интеллекттин жардамы менен жасалмалоого болорун билесизби?

  • Алдамчылар сиздин аты-жөнүңүздү, дарегиңизди, катталган жериңизди жана башка жеке маалыматтарды алдын ала билиши мүмкүн экенин билесизби?

  • Телефон чалган адамдын өтүнүчү менен эч кандай тиркемени орнотууга болбой турганын билесизби?

  • Акча тууралуу ар кандай сүйлөшүүдө телефонду токтотуп, банктын расмий номери аркылуу өзүңүз кайра чалууга болорун билесизби?

  • «Азыр дароо чечим кабыл алыңыз» деген талап алдамчылыктын эң кеңири тараган белгилеринин бири экенин билесизби?

Эгер ушул суроолордун жок дегенде бирине жооп «жок» болсо, жакындарыңызга 10 мүнөт убакыт бөлүңүз. Балким, дал ушул маек алардын акчасын сактап калууга жардам берет.

Аларга банктын кызматкерлери эч качан акчаны «коопсуз эсепке» которууну талап кылбасын, бүгүнкү күндө үн же видеочалууну жасалма интеллекттин жардамы менен оңой эле жасалмалоого болорун түшүндүрүңүз. Ошондой эле күмөн жаралган учурда биринчи кезекте сизге же Компаньон Банкынын 88-00 расмий номерине чалууга макулдашып алыңыз.

Балким, дал ушул маек бир күнү алардын акчасын сактап калат.

Бөлүшүү