kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • Бир мүнөткө токтоңуз — акчаңызды коргоого жардам бере турган 3 суроо

Банк жаңылыктары

Бир мүнөткө токтоңуз — акчаңызды коргоого жардам бере турган 3 суроо

кулжа айы 3, 2026

Бир мүнөткө токтоңуз — акчаңызды коргоого жардам бере турган 3 суроо

Алдамчылар адамдарды алдоо ыкмаларын улам өркүндөтүп жатышат. Алар мамлекеттик органдардын кызматкерлери, банк өкүлдөрү же атүгүл туугандарыңыз жана тааныштарыңыз катары өздөрүн тааныштырышы мүмкүн.

Алардын негизги максаты — адамды шашылыш чечим кабыл алууга түртүп, маалыматты текшерүүгө убакыт бербөө.

Ошондуктан онлайн-кредит тариздөөдөн, депозиттен акча алуудан, акча которуудан же жеке маалыматтарыңызды бөлүшүүдөн мурун бир мүнөткө токтоп, өзүңүзгө төмөнкү үч маанилүү суроону бериңиз.

1. Мен акча жөнөтүп жаткан адамды же уюмду жеке тааныймбы?

Акчаны кимге жана кандай максатта жөнөтүп жатканыңызды так түшүнгөнүңүзгө ынаныңыз.

Эгер өтүнүч бейтааныш адамдан, телефон чалуусу же мессенжер аркылуу келген болсо, маалыматты сөзсүз кайра текшериңиз.

2. Эмне үчүн мени шашылыш аракет кылууга үндөп жатышат?

Алдамчылар көбүнчө шашылыштык сезимин жаратышат. Алар акчаңызды уурдоо аракети болуп жатканын, эсебиңиз бөгөттөлөрүн, тууганыңызга шашылыш жардам берүү керектигин же акчаны «коопсуз эсепке» которуу зарылдыгын айтышы мүмкүн.

Эсиңизде болсун: маанилүү финансылык чечимдер шашылыштыкты талап кылбайт.

3. Мен маалыматты өз алдынча текшердимби?

Сизге келген чалууларга, билдирүүлөргө же шилтемелерге гана ишенип калбаңыз.

Эгер сөз акчаңыз, эсебиңиз же кредитиңиз тууралуу болуп жатса, маалыматты Банктын расмий байланыш каналдары аркылуу кайра текшериңиз.

Эмнелерге өзгөчө көңүл буруу керек?

Эгер сизден төмөнкүлөрдү суранышса, өзгөчө сак болуңуз:

✔ онлайн-кредит же накталай кредит алып, акчаны башка адамга которуу;

✔ депозиттен же эсептен акчаны мөөнөтүнөн мурда чыгарып, үчүнчү жактарга берүү;

✔ каражаттарды «коопсуз», «атайын» же «резервдик» эсепке которуу;

✔ SMS аркылуу келген коддорду, сырсөздөрдү же банк картасынын реквизиттерин айтуу;

✔ болгон окуя тууралуу туугандарыңызга же Банктын кызматкерлерине айтпоону өтүнүү.

Маанилүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана коммерциялык банктар эч качан акчаны «коопсуз эсептерге» которууну талап кылышпайт жана акчаңызды коргоо үчүн кредит тариздөөнү суранышпайт.

Эгер күмөн санасаңыз — шашпаңыз

Финансылык чечимдерди басым алдында же шашылыш кабыл албаңыз.

Токтоп, маалыматты кайра текшерип, зарыл болсо Компаньон Банкынын кызматкерлеринен кеңеш алыңыз.

Кээде бир мүнөт убакыт өзүңүздүн топтогон каражатыңызды сактап калууга жардам берет.

Биз ар дайым байланыштабыз: 88-00

Бөлүшүү