- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭҢ МЫКТЫ БАНКЫ – 2024!
Банк жаңылыктары
.png&w=3840&q=75)
КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭҢ МЫКТЫ БАНКЫ – 2024!
Банк Компаньон2024-жылдын жыйынтыгы боюнча финансы багытындагы "Акчабар" порталынын элдик добуш берүүсүнүн жеңүүчүсү болуп, "Кыргызстандын мыкты банкы"наамына ээ болду.
Добуш берүү 2024-жылдын 17-декабрынан 2025-жылдын 17-январына чейин өтүп, анын жыйынтыгында Банк Компаньон 21,7% добуш алып, өлкөдөгү бардык банктардын арасынан биринчи орунду ээледи.
Бул сыйлык — жөн гана наам эмес. Бул — Банк Компаньондун кардарларга сапаттуу жана заманбап каржылык кызматтарды, ыңгайлуу жана коопсуз цифралык чечимдерди сунуштоо багытында жасаган үзгүлтүксүз эмгегинин жыйынтыгы. Элдин тандоосу — бул ишенимдин жана кардарлардын үмүтүнө жооп берүүнүн күбөсү.
Банк Компаньон бардык кардарларына ыраазычылык билдирет. Сиздердин ишеним жана колдооңуздардын аркасында бул наам бизге ыйгарылды. Биз мындан ары да инновациялык финансы чечимдерин ишке ашырып, кызматтарды жакшыртып, сиздин финансылык иштериңизди ыңгайлуу жана ишенимдүү кылууга умтулабыз.
Бөлүшүү