- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- Компаньон Банкы RIA эл аралык акча которууларын алуу үчүн кэшбэк акциясын 2026-жылдын 15-августуна чейин узартты
Банк жаңылыктары
%2520(34).png&w=3840&q=75)
Компаньон Банкы RIA эл аралык акча которууларын алуу үчүн кэшбэк акциясын 2026-жылдын 15-августуна чейин узартты
Компаньон Банкы RIA эл аралык акча которууларын алуу үчүн кэшбэк акциясын 2026-жылдын 15-августуна чейин узартты
Компаньон Банкынын кардарлары үчүн жакшы жаңылык!
Мобилдик тиркеме аркылуу RIA эл аралык акча которууларын алуу үчүн кэшбэк берүү акциясы 2026-жылдын 15-августуна чейин узартылды.
Эми сизде акча которууларды онлайн, тез, ыңгайлуу жана кошумча пайда менен алуу үчүн дагы көбүрөөк убакыт бар.
RIA акча которууларын «Компаньон» мобилдик тиркемеси аркылуу Банктын бөлүмүнө барбастан, өзүңүзгө ыңгайлуу убакта ала аласыз. Которуулар дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн жеткиликтүү болуп, пайдалуу курс боюнча эсепке түшөт.
Мындан тышкары, акча которууну «Компаньон» электрондук капчыгына алганда, сизге автоматтык түрдө кэшбэк эсептелет.
Эске алыңыз: кэшбэк электрондук капчыкка акча которууну алганда бир жолу гана эсептелет.
Акча которууну алуунун биринчи жолу
«Компаньон» мобилдик тиркемесин ачыңыз;
башкы беттен же «Эл аралык которуулар» бөлүмүнөн RIA кызматын тандаңыз;
акча түшүүчү эсепти (электрондук капчык же карта) тандаңыз;
которуунун көзөмөл номерин (КНП — 11 сан) киргизиңиз;
«Которууну табуу» баскычын басып, операцияны ырастаңыз.
Даяр! Акчаңыз дароо эсебиңизге түшөт.
Же сизге ыңгайлуураак болсо
«Компаньон» мобилдик тиркемесинен «Продукттар жана кызматтар» бөлүмүн тандаңыз;
«Которууну табуу» бөлүмүнө өтүп, которуунун көзөмөл номерин киргизиңиз жана «Которууну табуу» баскычын басыңыз;
тиркеме акча которуу системасын автоматтык түрдө аныктайт.
RIA эл аралык акча которууларын онлайн алып, 2026-жылдын 15-августуна чейин кэшбэк алыңыз!
📞 Биз ар дайым байланыштабыз: 88-00.
Бөлүшүү
