- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- Айлык акы долбоору деген эмне?
Банк жаңылыктары

Айлык акы долбоору деген эмне?
Айлык акы долбоору деген эмне?
Айлык акы долбоору — банк тарабынан көрсөтүлгөн кызмат. Анын жардамы менен кызматкерлерге каралган төлөмдөрдүн бардыгы (айлык акы, аванс, эмгекке жарамсыздыгына байланыштуу төлөмдөр ж.б.) автоматтык түрдө алардын банктык эсепбине чегерилет.
Кызмат бизнеске да, кызматкерлерге да ыңгайлуу. Биринчилерге убакыт жана адамдык ресурсту үнөмдөөгө жардам берет. Ал эми экинчилерге төлөмдөрдүн өз убагында төлөнүп берилээрине кепилдик берет.
Айлык акы долбоору өзгөчө жеке ишкерлерге ыңгайлуу. Анткени долбоорго кошулуу менен бардык төлөмдөр автоматтык түрдө жүргүзүлөт жана ишкерге кагаз түйшүгүн унутууга болот.
Эми айлык акы долбоору тууралуу кененирээк сөз кылып, анын артыкчылыктары тууралуу айтып берели.
Айлык акы долбоору кандай иштейт?
Компания же жеке ишкер кызматкерлердин тизмесин, алардын карталары тууралуу маалыматты жана ай сайын төлөнүүчү төлөмдүн тизмесин даярдайт.
Банк ишкерден алган маалыматты текшерип, төлөм буйрутмасын дайындайт. Андан соң компания ай сайын жүргүзүү үчүн керектүү болгон сумманы банкка которот.
Ишкерлерге ай сайын кызматкерлер тууралуу маалыматты жана аларга төлөнүүчү сумма тууралуу маалыматты жаңылоонун кереги жоктугун баса белгилеп кетели. Эгер төлөнүүчү сумма бир эле болсо, маалыматты бир эле жолу киргизүү керек.
Каражат банкка түшкөндөн кийин ал кызматкерлердин айлык акы карталарына жиберилет. Ал эми ишкер жүргүзүлгөн төлөмдөр тууралуу отчет алат.
Бизнеске туура келчү кандай артыкчылыктары бар?
- Эсептешүүнү жөнөкөйлөтүү жана төлөм жүргүзүүнү автоматташтыруу
- Ката жана айып пулдун санын азайтуу
- Кызматкерлердин компанияга болгон ишенимин жана иштөө шарттары менен канааттандырарлык абалын арттыруу
- Айлык акы долбоорун бухгалтерлик программалар менен интеграциялоо мүмкүнчүлүгү. Бул операцияларды жүргүзүү үчүн банктын сайтына кирүү муктаждыгын жоет.
Кызматкерлер үчүн артыкчылыктар:
- Айлык акыны банк картасы аркылуу тез жана ыңгайлуу колдонуу мүмкүнчүлүгү
- Банктагы кредиттик жана салымдык сунуштар менен колдонуу мүмкүнчүлүгү
- Банк уюштурган акция жана ишеним программаларына катышуу мүмкүнчүлүгү
Андан сырткары, ар бир кызматкерге айлык акы эсеби ачылат. Ал эсепке ай сайын үзгүлтүксүз төлөмдөр келип турат. Бул акчаны колдонуу мүмкүнчүлүгүн жеңилдетип, банк кызматтары менен колдонууга да шарт түзөт жана каражаттын коопсуздугуна кепилдик түзөт.
Айлык акы долбооруна кантип кошулуу керек?
Компанияңызды айлык акы долбооруна кошуу үчүн банкка кайрылып, менеджерден бир нече маселени тактоо зарыл: тейлөөнүн мөөнөтү жана шарттары, картанын түрлөрү, керектүү документтердин тизмеси ж.б.
Документтердин тизмеси өзгөрүшү мүмкүн, бирок адатта төмөнкүлөрдү ичине камтыйт:
- Бизнестин каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк;
- Салык төлөөчүнүн идентификациялык номуру;
- Компаниянын мүдүрүнүн же жеке ишкердин паспорттук жеке маалыматы.
Келишим менен таанышып, ага кол койгондон соң, банк эсеп ачып, кызматкерлериңизге карта чыгарганга чейин күтүү гана керек.
Көңүл буруңуз: кошулуу жана тейлөө шарттары ар кайсыл банкта айырмаланышы мүмкүн. Төмөндө кеңири кездешүүчү шарттарды даярдадык:
1. Айлык акы картасын чыгаруу баасы жана шарттары
2. Кошулуу жана тейлөө үчүн тарифтер
3. Айлык акыны которуу үчүн алынуучу комиссия
4. Сизди тейлеген банктын өздүк банкоматтарынын өлкө ичинде кеңири кездешүүсү жана башка банктын банкоматтарынан нак алуу үчүн комиссиянын бар же жок экенин тактоо
5. Тынымсыз иштеген кардарларга колдоо көргөзгөн кызматтын бар болушу.
Айлык акы долбооруна кошулууда эмнеге көңүл буруу зарыл?
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерлерге айлык акыны накталай түрдө дагы, банк картасына акча которуу менен дагы төлөп берүүгө болот. Бирок, баса белгилеп кетчү нерсе — кызматкер дагы айлык акыны алуунун өзүнө ыңгайлуу жолун (накталай же банк картасына которуу) тандоого укуктуу.
Эгер кызматкер кол койгон эмгек келишиминде айлык акы банктык картага которуу жолу менен төлөнөт деген бөлүм бар болсо, анда кызматкер компаниянын тартибине көнүшү керек.
Эгер эмгек келишиминде мындай бөлүм жок болсо, анда компания кызматкердин айлык акы долбооруна кошулууга макулдугун алышы керек.
Айлык акы долбооруна кошулуудан мурда ишкер/компания кызматкерлерин долбоорго кошулуу менен алардын жеке маалыматы банкка бериле турганын айтуусу зарыл. Банкка берилген жеке маалымат ишенимдүү коргоого алынганын баса белгилеп кетели.
Айлык акы долбоору — ыңгайлуу механизм жана бизнеске дагы, кызматкерлерге дагы пайдалуу. Эң башкысы — туура банкты жана тейлөө шарттарын тандоо абзел.
Компаньон Банкында айлык акы долбооруна кошулуу үчүн тапшырыкты банктын расмий сайтынан онлайн түрдө бере аласыз. Биздин кызматкерлер сиз менен байланышып, кенен маалымат беришет.
Кызматкерлерге айлык акы картасы болуп Visa Gold, ал эми бизнес үчүн — Visa Business картасы берилет. Ал карта менен Кыргызстан ичинде жана чет мамлекетте да төлөм жүргүзүүгө мүмкүн. Картаны офиске жеткирип беребиз, ал эми нак алуу үчүн комиссия жок.
Бөлүшүү