kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • Компаньон Банкы ОшМУда өткөн Global Money Week-2026 финансылык жарманкесине катышты

Банк жаңылыктары

Компаньон Банкы ОшМУда өткөн Global Money Week-2026 финансылык жарманкесине катышты

чын куран айы 2, 2026

Компаньон Банкы ОшМУда өткөн Global Money Week финансылык жарманкесине катышты

2-апрелде Компаньон Банкы Ош мамлекеттик университетинде өткөн Global Money Week-2026 эл аралык демилгесинин алкагындагы финансылык жарманкеге катышты.

Иш-чара студенттерди, окутуучуларды жана финансылык сектордун өкүлдөрүн бириктирип, заманбап финансылык инструменттер жана жеке каржыны башкаруу көндүмдөрү боюнча ачык диалог аянтчасы болду.

Жарманкеге ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Ички иштер министрлигинин, Депозиттерди коргоо агенттигинин өкүлдөрү жана өлкөнүн башка банктары катышты.

Global Money Week 2026нын урааны — “Smart money talks” — финансыларга аң-сезимдүү мамиленин маанилүүлүгүн жана жаштардын финансылык сабаттуулугун өнүктүрүүнү чагылдырат.

Фокус — практикалык билимдерде

Компаньон Банкынын аянтчасында студенттер:

  • финансылык продукттар боюнча консультация алышты

  • мобилдик тиркемелердин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу билишти

  • банктык кызматтарды коопсуз пайдалануу боюнча суроолорун беришти

Өзгөчө көңүл жеке каржыны башкаруу көндүмдөрүн калыптандырууга жана заманбап финансылык инструменттерди түшүнүүгө бурулду.

Жаштар менен түз байланыш

Жарманкенин форматы студенттер менен түз баарлашууга шарт түздү. Катышуучулар санарип чечимдерге, накталай эмес төлөмдөргө жана каржыны башкаруунун ыңгайлуу жолдоруна активдүү кызыгышты.

«Мага абдан кызыктуу болду, анткени баарын биздин жашоодон алынган жөнөкөй мисалдар менен түшүндүрүштү. Эми чыгымдарымды көзөмөлдөөнү жана банктык тиркемелерди туура колдонууну жакшыраак түшүнө баштадым», — ОшМУнун студенти Азирет.

Компаньон Банкынын командасы финансылык кызматтарды жөнөкөй, жеткиликтүү жана түшүнүктүү кылган чечимдерди сунуштады.

Өлкө боюнча билим берүү демилгелери

Global Money Week алкагында Компаньон Банкы Кыргызстандын бардык аймактарында ар кандай курактагы аудитория үчүн тренингдерди өткөрдү. Балдар үчүн өзүнчө «Балдар — балдарга финансы сабаттуулугу тууралуу» форматындагы видеоролик даярдалып, негизги түшүнүктөр жөнөкөй тилде түшүндүрүлдү.

Компаньон Банкы — ишенимдүү финансылык келечек үчүн санарип чечимдер.

#GMW2026KG #GMW2026 #GlobalMoneyWeek2026 #SmartMoneyTalks

Бөлүшүү