- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- Компаньон Прайм карталарынын ээлери үчүн “Манас” аэропортунун VIP-залын колдонуу боюнча жаңыртылган шарттар
Банк жаңылыктары

Компаньон Прайм карталарынын ээлери үчүн “Манас” аэропортунун VIP-залын колдонуу боюнча жаңыртылган шарттар
Урматтуу кардарлар!
2026-жылдын 19-январынын тартып Компаньон Прайм карталарынын ээлери үчүн “Манас” аэропортунун VIP-залын (“Манас-2” имараты) колдонуу боюнча жаңыртылган шарттары ишке кирет.
Эми VIP-залды колдонуунун алдында карта ээлерине кеминде 40 000 сомго транзакция жүргүзүү керек. Бул транзакциялар VIP-залды колдонууга чейин 35 күндүн ичинде жүргүзүлүшү керек.
Ийгиликтүү транзакция катары карта боюнча POS-терминалдарда жана интернетте болгон төлөмдөр саналат. Эгер төлөм чет элдик валютада жүргүзүлсө, сомго айландырганда керектүү сумманын эквивалентине барабар болушу керек.
Төмөнкү төлөмдөр эске алынбайт:
· нак акча алуу;
· картадан акча которуу;
· QR төлөмдөр;
· кредитти төлөө;
· банктын тиркемелери аркылуу жүргүзүлгөн бардык төлөмдөр.
Көңүл буруңуз: карта боюнча акыркы 5 күндүн ичинде жүргүзүлгөн төлөмдөр эске алынбайт, анткени ал транзакциялар боюнча текшерүү жүргүзүү үчүн калтырылат.
Бул эмнени билдирет?
Эгер сиз VIP-залды 2026-жылдын 20-февралында колдонууну чечсеңиз, анда 2026-жылдын 15-январынан 14-февралы чейинки жүргүзүлгөн транзакциялар эске алынат.
Компаньон Прайм картасы менен төлөмдөрдү азыр эле жүргүзүп баштаңыз жана кешбэктерди алып, VIP-залга кирүүнү камсыздаңыз.
VIP-залды колдонуу боюнча маалыматты тактоо үчүн:
· Visa Concierge чат-ботуна кириңиз: “Башкы меню - Visa Travel – Жергиликтүү сервистер - VIP Манас”;
· Visa сайтына кириңиз: https://cis.visa.com/visa-in-kyrgyzstan/promotions/vip-lounge.html
Суроолоруңуз барбы?
Биз ар дайым 88 00 номери аркылуу байланыштабыз.
Бөлүшүү
