kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • Банкомат кандай иштейт?

Банк жаңылыктары

Банкомат кандай иштейт?

бугу айы 30, 2025

Банкомат деген эмне?

Банкомат — кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүгө, акчаны нак алууга, банкка барбастан эле эсепти толуктоого мүмкүнчүлүк берген түзүлүш. Жөнөкөй сөз менен айтканда, банкомат — бул компьютер менен жабдылган чоң сейф.

Аны менен иштөө үчүн банктын картасы болушу керек. Жана дагы анын ПИН-кодун билүүңүз керек. Болгон операциялар ылдам жана коопсуз өтөт. Банкомат менен иштөө абдан ыңгайлуу. Мисалы, сизге акча шашылыш түрдө керек болуп, ал эми банктар жабылып калган учурда банкоматтар жакшы жардам беришет.

Банкомат кантип иштейт?

Банкоматтын ичинде бөлүкчөлөргө бөлүнгөн темир кутуча бар. Ар бир бөлүкчө белгилүү бир номиналдагы купюрага арналган. Мисалы, бир бөлүкчө 200 сомго, башкасы — 500 сомго тиешелүү болот.

Ошондой эле банкомат төмөнкүлөр менен жабдылган:

  • Клавиатура жана экран — маалымат киргизүү жана башкаруу үчүн.
  • Камера — банкоматты колдонгон кардарга көзөмөл жүргүзөт.
  • Купюралар жөндөгүчү — акчаны текшерет.
  • Байланыш модулу — ар бир операция тууралуу маалыматты банкка өткөрүп турат.

Кызыктуу факт: эсепти банкомат аркылуу толуктасаңыз, ар бир купюра тиешелүү бөлүкчөлөргө гана түшөт.

Банкомат аркылуу кайсы операцияларды аткарса болот?

Банкомат жалгыз гана акча чечип алууга арналган эмес. Түзүлүш аркылуу:

  • балансты толуктоого;
  • айып пул же суу, жарык ж.б. кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүгө;
  • карта эсебин толуктоого;
  • эсептеги калдык акчанын суммасын билүүгө болот.

Бүтүн операцияларды колдонуу үчүн картанын ПИН-кодун гана билүүңүз керек.

Банкомат менен колдонуу. Кыскача нускама

Ар бир банктын өзүнүн банкоматтары бар. Жакшы жаңылык — алардын бардыгынын түзүлүштөрү окшош. Ошондуктан Компаньон Банкынын карталары жана банкоматтары менен иштөөнү билип алсаңыз, башка банкоматтар менен иштөө сизге оордук жаратпайт.

Картанын балансын текшерүү

Банкоматтын жанына келгенде картага арналган терезени көрөсүз. Адатта ал жарыктандырылган. Картаны терезеге магниттик тилкеси бар жагын үстүнө каратып (банктын аталышы жазылган жагы менен) салыңыз.

Бир нече секундадан кийин банкомат сизден ПИН-код жазууну суранат. Ал картанын арт жагында жазылган 3 сан.

Жалпы меню ачылгандан кийин тейлөө тилин тандаңыз — кыргыз, орус же англис тилин тандасаңыз болот. Андан кийин “Баланс текшерүү” же "Баланс сурама" баскычын тандайсыз. Система сизге картанын балансын экранга чыгарып көрсөтүү же болбосо чек кылып чыгарып берүүнү сунуштайт. Сизге ыңгайлуу түрүн тандаңыз.

Тейлөө бүткөндөн кийин экранда “Башка транзакция жүргүзүүнү каалайсызбы?” деген суроо пайда болот. “Ооба” деп жооп берсеңиз, система сизди кайрадан башкы бетке алып берет.

Эгерде жообуңуз “Жок” болсо, банкомат картаңызды чыгарып берет.

Картадан акчаны нак чыгаруу үчүн банкомат менен иштөөнүн алгачкы алгоритми окшош.

Бирок ПИН-кодду жазып, тейлөө тилин тандагандан соң сиз “Акча алуу” баскычын басып, валюта жана сумманы тандайсыз. Сумманы экранда көрсөтүлгөн үлгүнүн ичинен же “Башка сумма” баскычын басып, өзүңүзгө керек сумманы чыгарып алсаңыз болот.

Бир нече секундадан кийин банкомат акчаңызды чыгарып берет. Андан кийин “Операция аткарылгандыгы тууралуу чек кагазы керекпи?” суроосуна жооп берип, картаңызды алып кетсеңиз болот.

Жакынкы банкоматты кантип табуу керек?

Жөн гана 2gis же Google Карты карталарын ачып, «жакынкы банкомат» деп издөө бөлүкчөсүнө жазыңыз. Тиркемелер болгон жакынкы жеткиликтүү банкоматтардын тизмесин көрсөтөт.

Адатта банкоматтар:

  • банк кеңселеринин жанында;
  • чоң соода борборлорунда;
  • майбекет жана вокзалдарда жайгашкан.

Банкомат кантип корголгон?

Заманбап банкоматтар жалгыз ыңгайлуулугу гана эмес, коопсуздугу менен дагы айырмаланат. Алар бузуулардан атайын датчиктер менен корголгон. Эгер банкоматты уруп же ачууга аракет кылсаңыз, үндүү кабарлоо (сигнализация) дароо иштеп баштайт жана коргоо кызматкерлери келет.

Айрым банкоматтар түтүн чыгарып, акчаны колдоно албагандай кылып боеп салышат.

Банкомат банк менен кантип иш-аракет жүргүзөт?

Банкомат аркылуу жүргүзүлгөн ар бир операция банк аркылуу өтөт. Мисалы, эгер сиз банкоматтан акча чыгарууну кааласаңыз, ал банкка “Кардардын эсебинде акча барбы?” деген суроо жөнөтөт. Банктын “Ооба, баары жайында!” деген жообун алгандан соң сизге акча чыгарып берет. Бул иш-чара саналган секунданын ичинде өтөт.

Банкомат жарыктандыруу тармагына кошулган. Ошондуктан жарык өчүрүлгөн учурда операцияларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болбойт. Бирок кабатыр болбоңуз: карта сөзсүз кайтарылып берилет, ал эми каражатыңыз эсепбиңизде калат.

Шылуундардан кантип коргонуу керек?

ПИН-кодду шылуундардан сактап калуу үчүн, төмөнкү жөнөкөй эрежелерди сактаңыз:

  • Эл көп чогулган жана жакшы жарыктандырылган жерлердеги банкомат менен колдонуңуз.
  • ПИН-кодду жазып жатканда банкоматтын клавиатурасын колуңуз менен тосуп туруңуз жана картаңызды банкоматта калтырбаңыз.
  • Банкоматтын өзүнө дагы көңүл буруңуз: эгер бир нерсе шектүү болуп көрүнүп жатса, аны колдонбоңуз жана банкка бул тууралуу маалымдаңыз.

Жыл өткөн сайын банкоматтар дагы да коопсуз болуп келет. Ошондуктан шылуундарга жеке маалыматты уурдоо дагы да татаал болуп келет.

Банкомат картаңызды кайрып бербесе эмне кылуу керек?

Эң башкысы — тынчсызданууга берилбей, банкоматтын номерин жана көйгөй болгон учурдун так убактысын жазып алыңыз. Андан соң банкомат тиешелүү болгон банкка кайрылыңыз. Инкассаторлор сиздин картаңызды банктын кеңсесине жеткиришет. Андан соң сизге банктан чалышат жана сиз картаңызды алып кете аласыз.

Жаңы колдонуучулуар үчүн кеңештер. Сиз банкоматты жаңы эле колдонуп баштасаңыз, андан коркуунун кереги жок. Банкоматты колдонууну жеңилдетүү үчүн баары түшүнүктүү жазылган жана экранда дагы тиешелүү ачкычтар бар. Эң башкысы — көрсөтмөдө жазылган талаптарга тиешелүү аракет кылыңыз жана шашпаңыз.

Бөлүшүү