kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • КОМПАНЬОН БИЗНЕС: КУРБУЛАРЫҢЫЗДЫ ЧАКЫРЫП – БОНУСТАРДЫ АЛЫҢЫЗ!

Банк жаңылыктары

КОМПАНЬОН БИЗНЕС: КУРБУЛАРЫҢЫЗДЫ ЧАКЫРЫП – БОНУСТАРДЫ АЛЫҢЫЗ!

жалган куран айы 30, 2026

КУРБУЛАРЫҢЫЗДЫ ЧАКЫРЫП – БОНУСТАРДЫ АЛЫҢЫЗ!

Банк Компаньон «Компаньон Бизнес» мобилдик тиркемесинин колдонуучулары үчүн пайдалуу акцияны узартат. Эми курбуларыңызды чакырып, бир жыл бою бонус ала аласыз.

Акциянын мөөнөтү:
2026-жылдын 15-марты – 2027-жылдын 15-марты.

Бул кантип иштейт?
Эгер сиз буга чейин «Компаньон Бизнес» тиркемесин колдонуп жатсаңыз, жеке шилтемеңизди курбуңузга жөнөтөсүз — ал тиркемени жүктөп алып, идентификациядан өткөндөн кийин, сиздин эсебиңизге дароо 500 сом түшөт.

Мындан тышкары, досуңуз да 500 сом бонус алат, эгерде ал жалпы суммасы 20 000 сомдон кем эмес 20 QR-төлөм кабыл алса.

Чакыруулар саны чектелбейт.

«Компаньон Бизнес» — ишкерлер үчүн ыңгайлуу чечим: төлөмдөрдү кабыл алуу, эсептешүү жана финансты башкаруу — баары бир тиркемеде. Мындан тышкары, тиркеме аркылуу төлөм кабыл алууда комиссия 0% түзөт.

Колдонмону сунуштаңыз, айланаңыздагы бизнестин өсүшүнө көмөк көрсөтүңүз жана реалдуу акча алыңыз.

Толук шарттар менен шилтеме аркылуу тааныша аласыз, ошондой эле маалымат «Компаньон Бизнес» тиркемесинде, 88-00 телефону аркылуу же Банктын бөлүмдөрүндө жеткиликтүү.

Бөлүшүү