- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- Микрозайм деген эмне жана аны кантип коопсуз колдонуу керек?
Банк жаңылыктары

Микрозайм деген эмне жана аны кантип коопсуз колдонуу керек?
Микрозайм — микрофинансылык уюмдур тарабынан кыска мөөнөткө берилүүчү аз суммадагы займ. Бул займдар пайда болгон финансылык көйгөйду тез чечүү үчүн керек жана дээрлик бүт жарандарга жеткиликтүү.
Микрозаймдардын негизги өзгөчөлүктөрү:
- Сумма жана мөөнөт. Адатта микрозайм 1 ден 30 күнгө чейин бир нече жүздөгөн сомдон он миңдеген сомго чейинки суммадагы акча.
- Жөнөкөй тариздөө.Микрозайм тариздөө үчүн болгону паспорт гана керек. Киреше тууралуу маалымкат же кепилдик талап кылынбайт.
- Ылдамдык.Тапшырык жактарылгандан кийин акча саналуу мүнөттүн ичинде чегерилет.
Мийрозайм кайсы убакта пайдалуу болушу мүмкүн?
Микрозайм акча шашылыш түрдө керек болгон учурда ылайыктуу. Мисалы:
- дары-дармек же медициналык кызмат үчүн төлөм жүргүзүүдө;
- коммуналдык кызмат үчүн төлөм жүргүзгөндө;
- тиричилик техникасын оңдоо үчүн же башка күтүлбөгөн чыгымдарга учураган кезде.
Микрозаймдын артыкчылыктары
- Жеткиликтүүлүк. Займ кардардын кредиттик таржымалы терс болгон учурда дагы берилет.
- Докуметтердин саны. Керек болгон документтин саны минималдуу.
- Онлайн тариздөө. Көбүнчө микрофинансылык уюмдар интернет аркылуу иштешет. Ошондуктан арызды өлкөнүн каалаган бурчунан жибере аласыз.
Микрозаймдын тобокелдиктери
- Жогорку пайыздар. Күнүмдүк пайыздык чен 1-2% түзүшү мүмкүн. Бир ай ичинде ашыкча төлөмдүн жалпы суммасы сезилерлик эле болуп калат.
- Кыска мөөнөттө кайтарып берүү. Эгер акчаны убагында кайрып бербесеңиз, анда айып пулдун эсебинен карыздын суммасын көбөйөт.
- Шылуунчулук. Улуттук банктын реестринде каттодон өткөн уюмдарды тандоо гана керек.
Микрозайм менен болгон көйгөйдү кантип алдын алууга мүмкүн?
- Өз мүмкүнчүлүгүңүздү туура баалаңы. Алган займды кайтарып бере алам деген ишенич бар болсо гана аны алуу сунушталат.
- Келишимди кунт коюп окуңуз. Пайыздык чен жана кечиктирилген займ үчүн айып пул тууралуу бөлүмдү өзгөчө көңүл буруп окуңуз.
- Микрозаймды шашылыш түрдө гана алыңыз. Аны күнүмдүк финансылык чечимге айландырбаңыз.
Микрозаймга болгон альтернатива
Эгер көбүрөөк сумма же узагыраак кайтарып берүү мөөнөтү керек болсо, Компаньон Банкынан онлайн кредит алуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүңүз. Бул кредит микрозайм сыяктуу эле тез таризделет, бирок шарттары оңтойлуу:
- максималдуу суммасы 200 000 сомго чейин;
- кайтарып берүү мөөнөтү — 36 айга чейин;
- төмөнкү пайыздык чен.
Микрозаймдар — кыска мөөнөттүү финансылык көйгөйдү чечүү үчүн ыңгайлуу чечим. Эң башкысы — ашыкча карыздан оолак болуу үчүн бул чечимди акыл менен колдонуу керек.
Микрозаймдар башка финансылык булактар жеткиликтүү эмес болгондо жана шашылыш кезде ыңгайлуу болгон инструмент. Бирок аны колдонуу жоопкерчиликти жана сабаттуу мамиле кылууну талап кылат. Жана дагы финансылык кыйынчылыктардан алыс болуу үчүн микрозайм алуу чечими салмактуу чечим болушу керек.
Бөлүшүү