kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • Кыргызстандагы бизнес үчүн мобилдик тиркеме: зарылчылык же ашыкчылыкпы?

Банк жаңылыктары

Кыргызстандагы бизнес үчүн мобилдик тиркеме: зарылчылык же ашыкчылыкпы?

баш оона айы 5, 2025

Эгер сизде бизнес үчүн мобилдик тиркеме жок болсо, бул сүйлөмдү окуп жатып потенциалдуу кардарларыңызды жана өнөктөштөрүңүздү жоготуп жатасыз.

Дүйнөлүк статистикага жараша, мобилдик банкинг жүктөөлөрдүн саны боюнча алдыңкы орундарды ээлеп келет. Анткени жеке ишкерлерге жашоосун жеңилдетүүгө жардам берет: эсептешүүнү кыйла ылдамдатат, каражаттын көзөмөлүн жеңилдетип, кайсы жерде болбосун иш алып барууга мүмкүнчүлүк берет.

Бул макалада Компаньон Банкы бүгүнкү күндө бизнес үчүн мобилдик тиркеме ашыкчылык эмес, иш алып баруу үчүн биринчи зарыл курал болуп турганын билүүгө чакырат.

Бизнес үчүн мобилдик тиркемени колдонуунун артыкчылыктары

Ыңгайлуулук жана жеткиликтүүлүк

“Бизнес ар дайым кол астыңызда”. Бизнес үчүн иштелип чыккан тиркемелер бул сөздү чындыкка айлантат.

Бизнес үчүн тиркемелер финансылык суроолорду чечип, каалаган банк операцияларын жүргүзүүгө жардам берет: акча которуулар, төлөм жүргүзүү, отчеттор. Бунун баары телефондогу онлайн банкинг аркылуу дайыма жеткиликтүү.

Процесстерди автоматташтыруу

Сизден көп убакыт талап кылган жана кайталануучу тапшырмаларды аткарууну тиркемеге тапшырыңыз. Мисалы, төлөм жүргүзүү же чыгаша боюнча отчет даярдоо. Бул сизге убакыт үнөмдөп, аны бизнести өнүктүрүү үчүн колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Эффективдүүлүктү жогорулатуу

Тиркеме кардарларга соода жүргүзүү жолун жеңилдетет. Анткени тиркеме түшүнүктүү интерфейс, тез төлөм жүргүзүү, билдирүүлөрдү кабыл алуу жана бизнес менен байланышуу мүмкүнчүлүгү менен камсыздалган. Кардарлар тиркеменин ыңгайлуулугуна жана жеткиликтүүлүгүнө карап батыраак жана көңүлдүү буйрутма беришет. Муну дүйнөлүк статистика да тастыктайт.

Бизнес үчүн тиркеме тандап жатып эмнеге көңүл буруу керек?

Финансыны башкаруу

Эсеп боюнча төлөм жүргүзүү, акча которууларды жүргүзүү, эсептеги калдыкта калган акча тууралуу маалымат алуу. Эң аз дегенде бизнеске арналган интернет банкинг бул кызматтарды камсыздашы керек.

Бухгалтерия менен болгон интеграция

Сизде бухгалтер бар болсо же бардык бухгалтерлик эсептөөлөрдү жеке жүргүзсөңүз, анда тиркеме сиздин бухгалтерияңыз менен интеграцияланышы абзел. Бул мүмкүн болгон каталардын санын азайтып, убакытты үнөмдөйт.

Маалыматтын коопсуздугу

Тиркеме сиздин жеке жана транзакциялар тууралуу маалыматтын коопсуздугуна кепилдик берерине ынаныңыз. Кеминде эки факторлуу коопсуздук камсыздалышы керек.

Башка тиркемелердин арасында “Компаньон Business” тиркемеси эмнеси менен өзгөчөлөнүп турат?

Тез жана оңой туташуу

Регистрация жана идентификация өтүүдөн баштап, бизнес процесстерге болгон интеграцияга чейин. Бардыгы тез жана жөнөкөй.

“Компаньон Business” тиркемеси жеке ишкерлер үчүн керектүү банк кызматтарын алууну жеңилдетет. Бул жөн гана тиркеме эмес, бизнести ийкемдүү жана бир басуу менен эле башкарууга жардам берген толук онлайн банкинг.

Комплекстүү чечимдер

Бизнес үчүн тиркемени даярдап жатып биз кардарлардын тажрыйбасын негиз кылып алдык. Ошондуктан тиркемеде бизнеске керектүү нерсенин бардыгы бар:

·        өлкө ичинде жана чет өлкөгө акча которуулар

·        онлайн сатып алуу жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүү жана кабыл алуу

·        жүргүзүлгөн транзакциялар жана эсептеги калдык акча тууралуу отчет

·        пайдалуу курс менен валюта алмаштыруу

Өзгөчө белгилеп кетчү функция: “Компаньон Business” тиркемеси аркылуу QR-код боюнча салык да төлөөгө мүмкүн.

Бизнес үчүн ыңгайлуулук

“Компаньон Business” тиркемесин колдонуу менен сиз автоматтык түрдө лоялдуулук программаларынын катышуучусу болуп, арзандатуу жана кошумча бонустарга ээ болосуз. Ошондой эле акция жана кошумча мүмкүнчүлүктөр тууралуу биринчилерден болуп билесиз.

Бизнесиңиз үчүн онлайн банкингди кантип тандоо керек?

Банктардын расмий сайттарына кирип, алардын бизнес үчүн сунуштары менен таанышыңыз. Ошондой эле тааныш бизнесмендерден бизнеси үчүн кайсы интернет банкингди колдоноорун жана эмне үчүн экенин сурап билиңиз.

Тиркеме тууралуу кененирээк маалымат алып, “Компаньон Business” ке кошулууну каалайсызбы?

Болгону 88 00 номерине чалыңыз. Сиздин болгон суроолоруңузга жооп берип, тиркемени көчүрүүгө жана аны менен дароо эле иштеп баштоого жардам беребиз.

Ишенимдүү бизнес өнөктөш болуу үчүн Компаньон Банкы ар дайым жаныңызда.

Бөлүшүү