- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- "КОМПАНЬОН" МОБИЛДИК ТИРКЕМЕСИНДЕГИ ДЕПОЗИТТИК ЛИНЕЙКАНЫ ЖАҢЫРТУУ
Банк жаңылыктары
"КОМПАНЬОН" МОБИЛДИК ТИРКЕМЕСИНДЕГИ ДЕПОЗИТТИК ЛИНЕЙКАНЫ ЖАҢЫРТУУ
Урматтуу кардарлар,
Компаньон Банкы жакын арада "Компаньон"мобилдик тиркемеси жаңыланарын маалымдайт. Жаңы чыгарылышта жеке жактар үчүн Мөөнөттүү депозит жана "Компаньон" мобилдик тиркемесинин бардык колдонуучулары үчүн Топтолуучу депозит жеткиликтүү болот. Процессти жөнөкөйлөтүү жана кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу максатында "Компаньон" депозитин ачуу мүмкүн болбой калат.
Белгилей кетсек, жаңылоодон кийин буга чейин "Компаньон" депозитин ачкан кардарлар "Компаньон" мобилдик тиркемесинде өз эсептерин толуктоо кызматынан пайдалана алышат.
Бардык колдонуучулардын депозиттерге кирүү мүмкүнчүлүгү акырындык менен, Androidдин акыркы версияларынан баштап, IOS операциялык тутумуна чейин пайда болот.
"Компаньон" мобилдик тиркемеси мобилдик телефондун жардамы менен депозиттерди көзөмөлдөөгө жана башкарууга мүмкүндүк берет. Кардарлар депозиттерди оңой ачып, эсептерди көрө алышат жана каалаган убакта комиссиясыз толуктай алышат. Бул кызматтардын бардыгы интерфейси түшүнүктүү жана ыңгайлуу болгон жаңыланган тиркемеде жеткиликтүү.
Компаньон Банкынын кардарларынын депозиттери ишенимдүү коргоого алынган жана депозиттерди коргоо боюнча Мамлекеттик агенттик тарабынан камсыздандырылган.
Бөлүшүү