kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • "КОМПАНЬОН" ТИРКЕМЕСИНДЕ АТЫ-ЖӨНҮ БОЮНЧА ЫЛДАМ КОТОРУУЛАР

Банк жаңылыктары

"КОМПАНЬОН" ТИРКЕМЕСИНДЕ АТЫ-ЖӨНҮ БОЮНЧА ЫЛДАМ КОТОРУУЛАР

кулжа айы 13, 2023

Жакындарыңызга акча которууларды тез жана ашыкча түйшүксүз жөнөткүңүз келеби? Компаньон тиркемесиндеги "Аты-жөнү боюнча которуу" кызматы менен бул дагы жеңилдеди! Мындан ары татаал эсеп номерлерин же банк реквизиттерин жаттап алуунун кажети жок. Которууну жүзөгө ашыруу үчүн сизге алуучунун фамилиясын, атын жана атасынын атын гана билүү жетиштүү!

Которууну жөнөтүү үчүн сиз "Компаньон" мобилдик тиркемесин жүктөп алып, жөнөкөй аралыктан идентификациялоо процедурасынан өтүшүңүз керек, андан кийин төмөндөгү көрсөтмөлөрдү аткарыңыз:

  • Алуучу туралуу маалыматты, анын ичинде аты-жөнүн киргизиңиз.
  • Жөнөтүүгө чейин сиз комиссиянын суммасын көрөсүз.
  • Которуунун жөнөтүүнү ырастаңыз.

Эгер алуучу которууну ала элек болсо, аны оңой эле жокко чыгарып же өзгөртө аласыз. “Тарых” бөлүмүнөн каалаган котормону тандап, жокко чыгаруу үчүн "Жокко чыгаруу" же алуучунун дайындарын өзгөртүү үчүн "Редакциялоо" баскычын басыңыз.

Которууну алуу үчүн алуучу "Компаньон" тиркемесин жүктөп алып, аралыктан идентификациялоо процессинен өтүүсү зарыл.  Которуу тастыкталгандан кийин, жөнөтүүчүнүн кодунун жардамы менен акча каражаттары ошол замат көрсөтүлгөн реквизиттерге которулат. Ошондой эле, сиз которуу дүмүрчөгүн түздөн-түз колдонмодон көрө аласыз.

Которууну накталоо үчүн бир нече ыңгайлуужолдорбар:

  • Банкоматтар аркылуу. Мында сиз КРнын аймагындагы каалаган банкоматтан 0% комиссия менен акчаны накталай аласыз, алдын ала акчаны картага которуу керек.
  • Компаньон Банкынын кеңселеринде.
  • "Компаньон" Банкынын агенттеринен (5000 сомго чейин).

Акча которуулар сизге ыңгайлуу болушу үчүн бир нече валютада жеткиликтүү - акчаны кыргыз сому (KGS), АКШ доллары (USD), евро (EUR) же орус рублинде (RUB) жөнөтсөңүз болот.

Эгер сиз чет өлкөлүк валютада которууну жөнөтүшүңүз же алышыңыз керек болсо, мобилдик тиркемеде алдын ала валюталык банк эсебин ачыңыз.

Ал эми алуучуда "Компаньон" тиркемеси жок болсочу? Кабатыр болбоңуз, бизде чечим бар! Сиз жөнөтүүчү катары, акча которууну "Компаньон" тиркемеси аркылуу оңой эле жөнөтө аласыз, ал эми алуучу аны Банктын өзүнө ыңгайлуу болгон каалаган кеңсесинен ала алат. Бул ыңгайлуу чечим которуунун бардык катышуучулары үчүн ийкемдүүлүктү жана ыңгайлуулукту камсыз кылат.

"Компаньон" мобилдик тиркемесин ушул учурда жүктөп алыңыз жана накталай эмес финансылык операциялардын бардык артыкчылыктарын - дүйнө жүзү боюнча которууларды, депозиттерди, кредиттерди, коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрдү, телефондун балансын толуктоону жана дагы 500дөн ашык жөнөкөй жана ыңгайлуу кызматтарды жана сервистерди колдоно баштаңыз!

Бөлүшүү