kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • QR-КОД АРКЫЛУУ ОҢОЙ ТӨЛӨӨНҮН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН КЕҢЕЙТҮҮДӨБҮЗ

Банк жаңылыктары

QR-КОД АРКЫЛУУ ОҢОЙ ТӨЛӨӨНҮН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН КЕҢЕЙТҮҮДӨБҮЗ

үчтүн айы 12, 2023

Мындан ары төлөмдү ишке ашыруу тезирээк жана ыңгайлуураак! “Компаньон” мобилдик тиркемесинде QR-код аркылуу төлөм системасы жеткиликтүү. Кызмат “Компаньон” мобилдик тиркемесинин акыркы версиясына чейин жаңыланган колдонуучулары үчүн жеткиликтүү.  Тиркемени бул жактан жүктөп же жаңылап алса болот.

QR-код – бул товар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү жүргүзүүгө керек болгон маалыматты камтыган эки өлчөмдүү штрих-код.

ТөмөндөQR-коддун көрүнүшүнүн мисалы.

QRддун аркасы менен кардарлар өлкөнүн бардык соода түйүндөрүнөн жана ошондой эле интернет-мейкиндигинде өз мобилдик тиркемеси аркылуу каалаган товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү ишке ашыра алат. Төлөмдүн бул түрү төлөм терминалын жана NFC-төлөмдөрдү колдогон карта же телефонду колдонгон электрондук которууларга альтернатива болуп саналат. Контактсыз төлөм үчүн QR-кодду мобилдик банк тиркемесинен сканерлөө жетиштүү.

QR-кодду колдонуу менен “Компаньон” мобилдик тиркемесинен төлөмдү кантип ишке ашырууга болот?

  1. Тиркеменин башкы менюсунун төмөн жагындагы “Которуулар” бөлүгүнө  кирүү зарыл.
  2. Андан кийин “QRкод аркылуу тез которуу” жана "Cканер”дегенди тандоо зарыл.
  3. Сумманы жазып, номерди тактап жана ырастоо керек.

QR-кодду колдонуу менен “Компаньон” мобилдик тиркемеси аркылуу кардарлар ЭЛКАРТ Трейд, ЭЛКАРТ Мобайл, ЭЛСОМ, О!Деньги, РСК Банк, Demir Bank, Халык Банк, Айыл Банк, МBank, FINCA Банк жана башкалардын банктык тиркемелерине жана электрондук капчыктарына төлөмдөрдү комиссиясыз жүргүзө алат.

Жогорудагы тиркемелердин колдонуучулары дагы “Компаньон”, тиркемесине QR-код аркылуу каражат которуп жана Компаньон Банкынын Агенттеринен товарлар жана кызматтар үчүн төлөй алат.

Мобилдик тиркеме аркылуу төлөөдө төлөмдүн түрүн тандоо зарыл: тиркемеден же карталык эсептен

Лимиттер:

 «Компаньонтиркемеси аркылуу»:

Капчыктан:

Минимум- 1 сом.

Максимум- 200 000 сом.

Айына 600 000 сом.

Картадан:

Минимум- 20 сом.

Максимум- 150 000 сом.

Айына чектөөсүз.

 «Компаньон Агент»тиркемеси аркылуу:

Минимум- 20 сом.

Максимум- 25 000 сом.

Күнүнө 200 000  сом.

Айына 600 000 сом.

Картадан:

Минимум- 20 сом.

Максимум- 150 000 сом.

Айына чектөөсүз.

Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды тейлөө кызматына кайрылыңыздар:

0312 33-88-00, 88-00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

Бөлүшүү