- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮГӨ КОШУЛГАН АЛГАЧКЫ БАНК
Банк жаңылыктары
ӨЗ АРА АРАКЕТТЕНҮҮГӨ КОШУЛГАН АЛГАЧКЫ БАНК
Компаньон Банкы “Банктар аралык Процессинг Борбору” (БАПБ) ЖАКтын “Өз ара аракеттенүү Операторуна кошулган алгачкы Банк” сыйлыгына ээ болду. Сыйлыкты тапшыруу аземи 2022-жылдын 3-декабрында ЭЛКАРТ Улуттук Төлөм Системасынын ишин жыйынтыктоонун алкагында болуп өттү.
Иш-чарага өлкөнүн коммерциялык банктарынын жана финансы секторунун өкүлдөрү катышты. БАПБ өзгөчөлөнгөн 11 банкты, анын ичинен Компаньон Банкын белгилеген.
Өз ара аракеттенүү оператору QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүүгө, ар кандай төлөм системаларынын система аралык интеграциясынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана төлөөчүлөргө QR-код аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча бирдирдиктүү төлөм мейкиндигин сунуштоого мүмкүнчүлүк берет.
Компаньон Банкы өз ара аракеттенүү операторуна кошулган алгачкы жана пилоттук банк. Ал 2022-жылдын май айынан тарта ЭЛКАРТ Мобайл жана ЭЛКАРТ Трейд тиркемелери үчүн эсептешүү банкы катары иштөөдө. Бул тиркемелердин миңдеген колдонуучуларына ЭЛКАРТ УТС жана Компаньон Банкынын аркасы менен QR-код аркылуу тез төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берет.
“QRаркылуу төлөм технологиясы бир катар артыкчылыктарга ээ. Ал сатып алуу жана кызат көрсөтүү үчүн төлөм жасоо убактысын кескин үнөмдөйт жана чакан бизнеске өлкөнүн кайсыл аймагында болбосун контакты жок төлөмдөрдү кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн берет”, - дейт Банктагы банк карталар башкармалыгынын жетекчиси Айжан Абдыбакирова.
Белгилей кетсек, Компаньон Банкы калктын финансы кызматтарына болгон жеткиликтүүлүгүн ар дайым кенейтип турат жана өз продуктуларын чыгарууда санарип технологияларды колдонот. Банктын продакт-менеджери Киязова Айперинин айтымында, жакынкы убакта “Компаньон” жана “Компаньон Агент” тиркемелеринде QR коддун жардамы аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүүнү интеграциялоо аяктаганы турат. Бул, тиркеме колдонуучуларына Кыргыз Республикасынын бардык аймагындагы соода түйүндөрүндө төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Биргеликте мыкты келечек түзүүдөбүз!
Бөлүшүү