kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • КОМПАНЬОН БАНКЫ ОКӨФ МЕНЕН БИРГЕ БИЗНЕСТИ ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЧҮН ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮ АЧЫП ЖАТАТ

Банк жаңылыктары

КОМПАНЬОН БАНКЫ ОКӨФ МЕНЕН БИРГЕ БИЗНЕСТИ ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЧҮН ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРДҮ АЧЫП ЖАТАТ

тогуздун айы 5, 2016

«Компаньон Банкы» ЖАК жана Орус-Кыргыз Өнүгүү Фонду чакан жана орто бизнести каржылоо үчүн кредит линиясын камсыздоо тууралуу келишимге кол коюшту. 2016 жылдын 4 октябрында расмий кол коюлду.

Бул кызматташтыктын чегинде ишкерлердин өнөр жайга (анын ичинен тигүү, текстиль, тоо кен, металлургия тармактарына), туризм транспорту жана инфраструктурасына, медицинага, соода жана билим берүү тармагына узак мөөнөттүү өндүрүш инвестициялары үчүн жеңилдиктер менен насыя алуу мүмкүнчүлүктөрү болот.  

«Чакан жана орто бизнести колдоо – ОКӨФ ишмердүүлүгүнүн приоритеттүү багыттарынын бири. Фонд менен Компаньон Банкынын кызматташтыгы ишкерлерге бизнести өнүктүрүү үчүн жеңилдик менен насыялоону жеткиликтүү кылып, алар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат», - деп ОКӨФ Башкармалыгынын Мүчөсү Эркин Асрандиев белгилей кетти.

Компаньон Банкынын кардарлары үчүн улуттук валютада 12 % жылдык чен боюнча 5 жылга чейин комиссиясыз жана жыйымсыз жеңилдик менен берилүүчү насыялар жеткиликтүү болот.

«Өнөктөштөр менен ишенимдүү мамиле куруу менен, биз кардарлар үчүн банктык продуктылардын жана кызматтардын түрлөрүн көбөйтүүнү улантуудабыз. Бул кол коюлган келишим Компаньон Банкы менен ОКӨФ арасындагы узак мөөнөттүк кызматташтыктын башталышы болуп саналат, жана Кыргызстанда чакан жана орто бизнести эффективдүү каржылоо анын жыйынтыгы болот», - деп «Компаньон Банкы» ЖАК Башкармалыгынын Төрагасы Уланбек Термечиков жыйынтыктады.


Бөлүшүү