kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • Компаньон Банкында MoneyGram акча которуулары: тез, ыңгайлуу, коопсуз

Банк жаңылыктары

Компаньон Банкында MoneyGram акча которуулары: тез, ыңгайлуу, коопсуз

баш оона айы 15, 2025


Компаньон Банкында MoneyGram акча которуулары: тез, ыңгайлуу, коопсуз

MoneyGram — дүйнө жүзү боюнча тез, ишенимдүү жана коопсуз болгон эл аралык акча которуу системасы. 

Тармактын 198 өлкөдө 300 000 ашык кеңсеси бар. Өнөктөштөрүнүн ичинде — улуттук почта кызматтары, банктар жана эң чоң чекене тармактары. 

Акча которууну жиберүү: 

1. Кардарга Компаньон Банкынын каалаган кеңсесине паспорт менен келүү керек. 

2. Банктын кызматкерине: 

- кабыл алуучунун аты-жөнүн

- кабыл алуучу өлкөсү жана шаарын айтыңыз. 

3. Акча которуунун формасын толтуруңуз.

4. Которуунун суммасын жана которуу үчүн комиссияны кассага төлөңүз. Акча которуу үчүн комиссия иштеп жаткан тарифтерге жараша алынат. 

5. Которуунун уникалдуу кодун алыңыз жана аны акча ала турган инсанга айтыңыз. 

Акча которууну алуу: 

1. Кардарга Компаньон Банкынын кеңселерине паспорт менен келүү керек. 

2. Банктын адисине уникалдуу кодду алыңыз.

3. Акчаны кассадан алыңыз. 

MoneyGramсистемасынын артыкчылыктары: 

-        Ишенимдүүлүк.Система 70 жылдан бери эл аралык акча которуу мейкининде иш алып барып келет жана бул убакыт ичинде туруктуулуктун жана ишенимдүүлүктүн деңгээлин көрсөтүп келди. 

-        Жеткиликтүүлүк.Банктагы эсептин же картанын кереги жок — жөнөтүүчүнүн жана кабыл алуучунун паспорту гана жетиштүү. 

-        Ылдамдык.Акча которуу дүйнөнүн каалаган бурчуна 10-15 мүнөттүн ичинде келет. 

-        Купуялуулук.Акча которуу тууралуу маалымат банктык купуя болуп саналат. 

-        Кошумча сервис.Акча которуу менен чогуу кыска билдирүү (10 сөздөн ашпаган) жөнөтө аласыз. 

Эмне үчүн сизге MoneyGram тандоо керек?  

-        Чет өлкөдө иштеп, жакындарыңызга үзгүлтүксүз акча которуп турасыз; 

-        Банктын кардары болуп келесиз жана шашылыш каражат которууну каалайсыз;

-        Саякаттоо учурунда күтүлбөгөн чыгымдарга туш болдуңуз; 

-        Чет мамлекетте окуган студент балдарыңызга колдоо көрсөткүңүз келет. 

MoneyGramсистемасы аркылуу акча которуулар боюнча кошумча маалыматты https://corporate.moneygram.com/сайтынын алыңыз.

Сиз үчүн дайыма байланыштабыз: 88 00 (мобилдик телефондон чалуу акысыз) же WhatsApp 0 770 33 88 00.

Бөлүшүү