kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • 800 миңден ашуун кыргызстандыктар акча которууларды жаңы каржылык мүмкүнчүлүктөргө айландыра алышат: ЭАӨФ, ЕБ жана Компаньон Банкы өнөктөштүк баштады

Банк жаңылыктары

800 миңден ашуун кыргызстандыктар акча которууларды жаңы каржылык мүмкүнчүлүктөргө айландыра алышат: ЭАӨФ, ЕБ жана Компаньон Банкы өнөктөштүк баштады

баш оона айы 18, 2025

800 миңден ашуун кыргызстандыктар акча которууларды жаңы каржылык мүмкүнчүлүктөргө айландыра алышат: ЭАӨФ, ЕБ жана «Компаньон Банкы» өнөктөштүк баштады

    Рим, 2025-жылдын 18-августу. Кыргызстандагы 800 миңден ашуун жарандар — эмгек мигранттары, алардын үй-бүлөлөрү, мекенине кайтып келгендер жана чет өлкөгө иштөө үчүн жаңыдан даярданып жаткандар — эми акча которууларды жашоо сапатын жакшыртуучу натыйжалуу каржылык куралга айландыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул жаңы өнөктөштүктүн аркасында ишке ашат: Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фонду (ЭАӨФ, IFAD) жана өлкөдөгү ири коммерциялык банктардын бири — «Компаньон Банкы» биргелешкен аракеттерди баштады.

    Иш-чара REMIT PRIME Central Asia  аймактык программасынын алкагында Европа Биримдигинин кошумча каржылоосу менен жүзөгө ашырылат. Анын максаты — финансылык жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана айылдык аймактардын өнүгүшүн колдоо. Бул үчүн адамдарга ыңгайлуу сервистер, куралдар жана каржыны ишенимдүү башкаруу боюнча билим берүү сунушталат.

    Кыргызстандын экономикасында акча которуулардын ролу өтө чоң — алар ИДПнын 14% түзөт. Айыл жерлерде ар бир төртүнчү жаран чет өлкөдө иштеп жаткан туугандарынан келген акчага таянат. Бул каражаттар негизги чыгымдарды жабууга жардам берип гана тим болбостон, билимге, ишкердикке жана турак жай шарттарын жакшыртууга инвестиция салууга өбөлгө түзөт. Натыйжада, үй-бүлөлөр туруктуураак жана каржылык жактан коопсуз жашоого жетишишет.

    «Биз дайыма мигранттарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө өзгөчө урмат-сый менен мамиле кылабыз. Европа Биримдигинин колдоосу жана ЭАӨФ менен өнөктөштүктүн аркасында акча которууларды жеке, үй-бүлөлүк жана экономикалык өнүгүүнүн өбөлгөсүнө айландырууну каалайбыз. Бул үчүн биз жаңыланган «Компаньон Банкынын» мобилдик тиркемеси сыяктуу жеткиликтүү санариптик чечимдерди жана мигранттардын муктаждыктарына ылайык иштелген инновациялык каржылык өнүмдөрдү сунуштайбыз» — деди «Компаньон Банкынын» Башкармалыгынын Төрайымы Маргарита Черикбаева.

    «Компаньон Банкы менен өнөктөштүк акча которууларды чыныгы финансылык интеграциянын куралына айлантат, — деди ЭАӨФтүн (IFAD) Акча которууларды каржылоо фондунун менеджери Педро де Васконселос. — Биз которуу каналдарын кеңейтип, аларды санариптештирүү аркылуу өркүндөтүп, ылайыкташкан өнүмдөрдү жана каржылык сабаттуулук боюнча окууларды сунуштоо менен мигранттарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө узак мөөнөттүү туруктуулукту камсыздоого жардам беребиз».

Европа Биримдигинин өкүлү белгилегендей: «ЕБ акча которуулардын өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүгүн ачкан демилгелерди колдоо менен сыймыктанат. Бул өнөктөштүктү биз айыл жергесиндеги коомдорго, аялдарга жана келечек муундарга болгон инвестиция катары кароодо».

    Каржылык туруктуулук үчүн акылдуу чечимдер

    Программанын негизги элементтеринин бири — Европа, Түркия, Түштүк Корея жана АКШдан акча которуунун жаңы санариптик каналдарын түзүү болот. Алар «Компаньон" мобилдик тиркемесине интеграцияланат, бул которууларды үй-бүлөлөр үчүн тезирээк, ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат.

Тиркеме жаңы функционалдыктан — «акылдуу каржылык жардамчы»  менен толукталат. Бул «санариптик чөнтөк-эксперт» колдонуучуларга бюджетти жүргүзүүгө, чыгымдарды көзөмөлдөөгө жана ойлонулган чечимдерди кабыл алууга жардам берет.

Мындан тышкары, демилге акча которууларга байланышкан инновациялык продукттарды сунуштайт:

  • атайын депозиттик эсептер,

  • чет өлкөдөн акча алган үй-бүлөлөргө ылайыкташкан кредиттик сунуштар.

    Бул кызматтар үй-бүлөлөргө күнүмдүк чыгымдардан сырткары жыйноого, инвестициялоого жана каржылык пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет.

    Программанын алкагында мигранттар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн каржылык туруктуулук, үй-бүлөлүк бюджетти башкаруу, санариптик коопсуздук, банктык продукттарды натыйжалуу колдонуу жана туруктуу агро-практикалар боюнча окутуулар өткөрүлөт.

    Бул өнөктөштүк Кыргызстандагы инклюзивдүү өсүшкө, айыл аймактарын өнүктүрүүгө жана каржылык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган ЭАӨФтүн миссиясына дал келет. ЭАӨФ, Европа Биримдиги жана «Компаньон Банкы» ресурстарды жана тажрыйбаны бириктирүү аркылуу акча которууларды жөн гана тиричиликтин булагы эмес, узак мөөнөттүү мүмкүнчүлүктөрдүн, туруктуулуктун жана бакубат жашоонун негизи кылууну максат кылышууда.


    Маалымат үчүн

    ЭАӨФ (IFAD)— эл аралык каржылык уюм жана Бириккен Улуттар Уюмунун адистештирилген агенттиги. Фонддун башкы кеңсеси Рим шаарында жайгашкан — бул БУУнун айыл чарба жана азык-түлүк маселелери боюнча борбору. ЭАӨФ айыл жеринде жашаган калкты колдоого инвестиция салып, жакырчылыкты азайтууга, азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга, тамак-аш сапатын жакшыртууга жана туруктуулукту чыңдоого жардам берет. 1978-жылдан бери фонд өнүгүп жаткан өлкөлөрдө 25 млрд АКШ долларынан ашык суммада грант жана жеңилдетилген кредиттерди берди.

ЭАӨФ иштеген айылдык аймактар боюнча фото жана видеоматериалдардын кеңири топтому  Сүрөт банкы шилтеме боюнча жеткиликтүү.

    Европа Биримдиги жөнүндө

    Европа Биримдиги жана Кыргыз Республикасы өлкө көз карандысыздыкка жеткен 1991-жылдан бери өнөктөш болуп келишет жана жыл сайын кызматташтыкты кеңейтип келишет. 2014–2020-жылдар аралыгында ЕБ Кыргыз Республикасына көрсөткөн колдоонун жалпы көлөмү 263 млн еврону түзгөн. Негизги багыттары: туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү, билим берүү, мыйзам үстөмдүгү, айыл аймактарын комплекстүү өнүктүрүү, базалык инфраструктураны өнүктүрүү жана чакан жана орто бизнести колдоо.

Европа Биримдиги жөнүндө толугураак маалыматты сайт  жана  Instagram баракчасынан таба аласыз.

    «Компаньон Банкы» ЖАК жөнүндө

    «Компаньон Банкы» — Кыргызстандагы алдыңкы финансылык уюмдардын бири, 20 жылдан ашуун тарыхы бар. Банк жеке жана корпоративдик кардарлар үчүн толук спектрдеги банктык кызматтарды жана заманбап санариптик чечимдерди сунуштайт, каржылык кызматтарга ыңгайлуу жана коопсуз жеткиликтүүлүктү камсыздайт. Анын санариптик сервистери өлкөнүн финансылык рыногунда эң көп талап кылынган кызматтардын катарына кирет. Бул банкка болгон кардарлардын жогорку ишенимин жана инновацияларга болгон багытын тастыктайт.

    «Компаньон Банкы» — Кыргызстандагы Глобалдык баалуулуктар альянсына (GABV) кошулган алгачкы жана жалгыз финансылык институт. Бул анын туруктуу жана жоопкерчиликтүү банкинг принциптерине берилгендигин тастыктайт.

Бөлүшүү