- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- КОМПАНЬОН БАНКЫ БЕШ-ТЕРЕКТЕ МИГРАНТТАРДЫН ҮЙ-БҮЛӨЛӨРҮ ҮЧҮН АГРО-ТРЕНИНГ ӨТКӨРДҮ
Банк жаңылыктары

КОМПАНЬОН БАНКЫ БЕШ-ТЕРЕКТЕ МИГРАНТТАРДЫН ҮЙ-БҮЛӨЛӨРҮ ҮЧҮН АГРО-ТРЕНИНГ ӨТКӨРДҮ
КОМПАНЬОН БАНКЫ БЕШ-ТЕРЕКТЕ МИГРАНТТАРДЫН ҮЙ-БҮЛӨЛӨРҮ ҮЧҮН АГРО-ТРЕНИНГ ӨТКӨРДҮ
Москванын районуна караштуу Беш-Терек айылында Компаньон Банкынын Чүй филиалынын бизнес-өнүктүрүү кызматкерлери мигранттардын үй-бүлөлөрү үчүн кезектеги агро-тренингди өткөрүштү. Жолугушуунун темасы — түшүмдү сактоо үчүн жертөлө куруу жана туура пайдалануу болду.
Тренинг практикалык форматта өттү. Катышуучулар жергиликтүү климатка ылайык кандай типтеги жертөлөнү курууга болорун, вентиляция жана аба чыгаруучу түтүктөргө коюлган талаптарды, туура дезинфекция жүргүзүү ыкмаларын үйрөнүштү.
Өзгөчө көңүл бурулган майда-барат, бирок маанилүү жагдайлар:
- эшикти күн тийген тарапка коюу сунушталат,
- бирге сактоого болбой турган азыктарды (мисалы, картошка менен алма) жанаша жайгаштырбоо зарыл,
- жертөлөну үзгүлтүксүз тазалап, иштетип туруу маанилүү.
Ошентип, үй-бүлөлөр жалпы теориялык маалымат менен гана эмес, түшүмдүн жоготуусун азайтып, азыктарды узак мөөнөткө сактоого жардам бере турган практикалык кеңештер менен да камсыз болушту.
Бардык усулдук материалдар катышуучуларга QR-код аркылуу электрондук форматта берилди. Бул ыкма Компаньон Банкынын баалуулуктарын чагылдырат: санарип чечимдер, экологиялык мамиле жана кардарлар үчүн ыңгайлуулук.
«Компаньон Банкы ар дайым аймак тургундарынын жанында. Биздин максат — кардарлар үчүн жөн гана финансы өнөктөшү болбостон, пайдалуу билимин бөлүшкөн эксперт болуу. Санариптик чечимдер жана жөнөкөй инструменттер аркылуу биз чогуу чакан жана орто бизнести колдоп келебиз. Ал эми бул өлкөбүздүн экономикасынын негизги таянычы болуп саналат», — деп белгилешти Компаньон Банкы.
Бөлүшүү