kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • КОМПАНЬОН БАНКЫ 2025-ЖЫЛКЫ ДҮЙНӨЛҮК ЖЫЙНАК КҮНҮНӨ АКТИВДҮҮ КАТЫШТЫ

Банк жаңылыктары

КОМПАНЬОН БАНКЫ 2025-ЖЫЛКЫ ДҮЙНӨЛҮК ЖЫЙНАК КҮНҮНӨ АКТИВДҮҮ КАТЫШТЫ

жетинин айы 3, 2025





КОМПАНЬОН БАНКЫ 2025-ЖЫЛКЫ ДҮЙНӨЛҮК ЖЫЙНАК КҮНҮНӨ АКТИВДҮҮ КАТЫШТЫ

Дүйнөлүк каражат топтоо күнү — бул ар жылы өткөрүлүүчү эл аралык демилге болуп, жеке каржыга акыл-эстүү мамиле жасоонун жана жыйнак кармоонун маанисин эске салат.

Каражат топтоо ар дайым коомдун туруктуу өнүгүүсүндө маанилүү ролду ойнойт. Кандай кырдаал болбосун, акча чогултуу көндүмү — бул ишенимдүүлүккө жана туруктуулукка жол. Ар бир адам каалаган жашта жана киреше деңгээлинде акча топтоону баштаса болот. Каражат топтоо — бул жөн гана «коопсуздук жаздыгы» эмес, чоң максаттарга жетүүнүн биринчи кадамы.

Салт катары тренингтер

Компаньон Банкы 2025-жылы да Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө активдүү катышып, өлкөнүн бардык аймактарында лекциялар жана тренингдер өткөрдү.

Бишкекте иш-чаралар төмөнкү жайларда болду:

 -  «Бирге» - биринчи инклюзивдүү фестиваль,

 - «Тенсай» кыргыз-япон жеке мектеби ,

 - №67 мектеп-гимназиясы,

 - карылардын коомчулугу «Социум» жана башка билим берүү жана социалдык уюмдар.

Кампаниянын аудиториясы — бардык курактагы жарандар: окуучулардан тартып пенсионерлерге чейин.

Маанилүү нерселер жөнүндө жөнөкөй сөз менен

Тренингдерде катышуучулар төмөнкү темаларды талкуулашты:
финансыларды алдамчылыктан кантип коргоо керек, дроппердик схемалар эмнеге коркунучтуу, фишингди кантип аныктоо жана онлайн кызматтарды коопсуз пайдалануу жолдору.

Айрыкча киберграмоттуулук жана финансылык жоопкерчилик темалары чоң кызыгуу жаратты. Көпчүлүк катышуучулар өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, суроолорду берип, чыныгы турмуштагы мисалдарды келтиришти.

Ачыктык жана жеткиликтүүлүк — Компаньон Банкынын саясаты

Бардык окутуучу иш-чаралар бекер негизде өткөрүлүп, Банктын узак мөөнөттүү саясатынын бир бөлүгү болуп саналат — кардарларга жакын, түшүнүктүү жана пайдалуу болуу.

Аймактарда мындай тренингдер жыл бою өтөт. Көпчүлүк үчүн бул жолугушуулар пайдалуу маалымат алууга, суроо берүүгө жана кеңеш алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Финансылык сабаттуулук — бул келечекке эң пайдалуу инвестиция

Каражат топтоо маданиятын өнүктүрүү аркылуу Компаньон Банкы адамдарга каржыны түшүнүктүү жана ишенимдүү башкарууга жардам берет.

Компаньон Банкы — билим, ишеним жана келечек маанилүү болгондо ар дайым жаныңарда. 

#worldsavingsday #каражаттоптоо2025 

Бөлүшүү