kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • Банк эскертет: WhatsApp аккаунттарын бузуу жана алдамчылык учурлары көбөйдү

Банк жаңылыктары

Банк эскертет: WhatsApp аккаунттарын бузуу жана алдамчылык учурлары көбөйдү

чын куран айы 10, 2026

Банк эскертет: WhatsApp аккаунттарын бузуу жана алдамчылык учурлары көбөйдү

Алдамчылар аккаунтка кирип алып, анын ээсинин атынан байланыштарына жазып, акча сурашат.

Аккаунтуңузду кантип коргойсуз:

  • WhatsApp’та эки кадамдуу текшерүүнү (2FA) иштетиңиз

  • Кеминде 6 сандык PIN-код орнотуп, резервдик email кошуңуз

  • SMS-коддорду эч кимге бербеңиз, билдирүү «тааныштан» же «колдоодон» келсе да

  • Шектүү шилтемелерге кирбеңиз жана белгисиз файлдарды ачпаңыз

  • Тиркемени дайыма акыркы версиясына жаңыртып туруңуз

Эгер WhatsApp аккаунтыңызды алдамчылар бузуп киришсе, тез жана кадам-кадам менен аракет кылышыңыз керек:

1. Аккаунтуңузга кирүү мүмкүнчүлүгүн дароо калыбына келтириңиз

  • WhatsApp’ты ачып, номериңизди киргизиңиз

  • SMS-код аркылуу тастыктаңыз

Бул алдамчыларды аккаунттан автоматтык түрдө чыгарат

2. Эгер PIN суралса (эки кадамдуу текшерүү)

  • Эсиңизде болсо, PIN кодду киргизиңиз

  • Эгер унутсаңыз → «PIN унутулдубу?» басып, email аркылуу калыбына келтириңиз (эгер мурда кошулган болсо)

  • Эгер email кошулган эмес болсо — 7 күн күтүү керек болот

3. Бардык байланыштарыңызды эскертиңиз

Төмөнкүдөй билдирүү жөнөтүңүз (же башка тармактар/чалуулар аркылуу):

«Менин WhatsApp аккаунтум бузулду, акча жибербеңиздер жана шилтемелерге кирбеңиздер»

4. Коргоону иштетиңиз

Калыбына келтиргенден кийин:

  • Орнотуулар → Аккаунт → Эки кадамдуу текшерүү бөлүмүнө кириңиз

  • PIN коюп, email кошуңуз

5. Түзмөгүңүздү текшериңиз

  • Телефонуңузду антивирус менен текшериңиз

  • Шектүү колдонмолорду өчүрүңүз

  • WhatsApp Web’ди текшериңиз:

Орнотуулар → Байланышкан түзмөктөр → Баарынан чыгуу

6. Эгер кире албай жатсаңыз

• WhatsApp колдоосуна жазыңыз:

[email protected]

Номериңизди +996XXXXXXXXX форматында көрсөтүңүз

Мисалы:

"My WhatsApp account has been hacked. Please deactivate my account."

7. Маанилүү эскертүүлөр

  • SMS-кодду эч кимге айтпаңыз

  • Шектүү шилтемелерге кирбеңиз

  • Расмий эмес булактардан APK файлдарын жүктөбөңүз

Биз ар дайым байланыштабыз: 88-00 жана WhatsApp +996 770 33 88 00

Бөлүшүү