kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • КОМПАНЬОН МОБИЛДИК ТИРКЕМЕСИНДЕ ЭМИ КРИПТОВАЛЮТА АЛМАШТЫРУУГА МҮМКҮН

Банк жаңылыктары

КОМПАНЬОН МОБИЛДИК ТИРКЕМЕСИНДЕ ЭМИ КРИПТОВАЛЮТА АЛМАШТЫРУУГА МҮМКҮН

баш оона айы 11, 2026

Компаньон мобилдик тиркемесинде криптовалюта алмаштыруу жаңы сервиси ишке кирди. Эми криптовалютаны сатуу жана сатып алуу үчүн кошумча тиркемелерди орнотуунун жана криптобиржаларда эсепти толуктоонун кажети жок. Мунун баарын кадимки банктык жол менен түз эле тиркеме аркылуу жасоого болот.

Кардарларга төмөнкү операциялар жеткиликтүү:

·        USDT (TRC-20 жана ERC-20), BTC, ETH, TRX жана LTC сатып алуу;

  • USDT (TRC-20 жана ERC-20) сатуу.

Валютаны алмаштырууну тийиштүү лицензиясы бар “Байсанар” ЖЧК провайдери аткарат.

Сервис:

·        түз эле тиркемеде криптовалютаны сатууга жана сатып алууга;

  • операцияны тастыктоонун алдында курс жана комиссиянын көлөмүн көрүүгө;

  • жаңы сунуштар пайда болгон учурда провайдерди тандоого;

  • банктык эсептен же картадан сатып алуу үчүн төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Көңүл буруңуз: Компаньон Банкы технологиялык платформаны гана түзүп берет. Виртуалдык активдерди алмаштыруу операцияларын лицензиясы бар провайдер жүргүзөт. Виртуалдык активдер менен болгон операциялар кооптуу болуп саналат жана инвестициялык сунуш болуп саналбайт.

Бөлүшүү