- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- «Компаньон» тиркемесинде Элкарт карталарын байланыштыруу боюнча убактылуу чектөөлөр
Банк жаңылыктары

«Компаньон» тиркемесинде Элкарт карталарын байланыштыруу боюнча убактылуу чектөөлөр
бугу айы 12, 2026
«Компаньон» тиркемесинде Элкарт карталарын байланыштыруу боюнча убактылуу чектөөлөр
Урматтуу кардарлар!
2026-жылдын 31-майынан тартып «Компаньон» мобилдик тиркемесинде Android жана iOS түзмөктөрүндө жаңы Элкарт карталарын байланыштыруу функциясы убактылуу жеткиликсиз болорун маалымдайбыз.
Буга чейин байланыштырылган Элкарт карталары тиркемеде кадимки режимде иштей берет — бардык учурдагы байланыштар, операциялар жана сервистер кардарлар үчүн жеткиликтүү бойдон калат.
Чектөө жаңы Элкарт карталарын гана байланыштыруу мүмкүнчүлүгүнө тиешелүү.
Сервис кайра жеткиликтүү болгондо кошумча маалымат берилет.
Түшүнүү менен кабыл алганыңыз үчүн рахмат.
Байланыш борбору: 88-00.
Бөлүшүү
