- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- 2026-ЖЫЛДЫН 1-ФЕВРАЛЫНАН ТАРТЫП «ЭЛКАРТ» КАРТАЛАРЫ БОЮНЧА НАКТАЛАЙ АКЧА АЛУУ ТАРИФТЕРИ КАЙРА КҮЧҮНӨ КИРЕТ
Банк жаңылыктары

2026-ЖЫЛДЫН 1-ФЕВРАЛЫНАН ТАРТЫП «ЭЛКАРТ» КАРТАЛАРЫ БОЮНЧА НАКТАЛАЙ АКЧА АЛУУ ТАРИФТЕРИ КАЙРА КҮЧҮНӨ КИРЕТ
2026-ЖЫЛДЫН 1-ФЕВРАЛЫНАН ТАРТЫП «ЭЛКАРТ» КАРТАЛАРЫ БОЮНЧА НАКТАЛАЙ АКЧА АЛУУ ТАРИФТЕРИ КАЙРА КҮЧҮНӨ КИРЕТ
Урматтуу кардарлар,
«Элкарт» төлөм карталары боюнча Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык банктардын түзмөктөрүндө накталай акча алуу үчүн жүргүзүлгөн акысыз акциянын аякташына байланыштуу, 2026-жылдын 1-февралынан тартып акция башталганга чейин колдонулуп келген накталай акча алуу тарифтери кайрадан күчүнө кирет.
Биз тейлөө шарттарынын ачык жана түшүнүктүү болушуна умтулабыз, ошондуктан актуалдуу тарифтер менен алдын ала таанышып, операцияларыңызды пландаштырууда эске алууну сунуштайбыз.
Тарифтер тууралуу толук маалымат биздин сайтта жана тиешелүү шилтемелер аркылуу жеткиликтүү.
Элкарт, Элкарт+ тарифтер (жеке жактар үчүн)
Элкарт, Элкарт+ тарифтер Эмгек акы долбоору
Элкарт, Элкарт+ тарифтер виртуалдык карта (жеке жактар үчүн)
Ишенимиңиз жана Банк Компаньонду тандаганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Биз күнүмдүк каржылык ыңгайлуулугуңуз үчүн коопсуз жана заманбап чечимдерди өнүктүрүүнү улантабыз.
Биз дайыма байланыштабыз: 88-00
Бөлүшүү
