kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • «КОМПАНЬОН БАНКЫ» СТРАТЕГИЯЛЫК АКЦИОНЕРДИК ӨТҮҮНҮ ИЙГИЛИКТҮҮ АЯКТАП, ТЕЗДЕТИЛГЕН ӨСҮҮНҮН ЖАҢЫ ЭТАБЫНА КАДАМ ТАШТАДЫ

Банк жаңылыктары

«КОМПАНЬОН БАНКЫ» СТРАТЕГИЯЛЫК АКЦИОНЕРДИК ӨТҮҮНҮ ИЙГИЛИКТҮҮ АЯКТАП, ТЕЗДЕТИЛГЕН ӨСҮҮНҮН ЖАҢЫ ЭТАБЫНА КАДАМ ТАШТАДЫ

жетинин айы 17, 2025

«Компаньон Банкы» акционердик түзүлүшүндөгү өзгөрүүнүн ийгиликтүү аяктаганын кубануу менен маалымдайт. бул трансформациялык инвестициялык циклдин жыйынтыгын белгилеп, капиталды бекемдөө, санариптик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана кардарлар менен өнөктөштөр үчүн көбүрөөк баалуулук жаратуу багытындагы жаңы баскычтын башталышын билдирет.

2004-жылы Mercy Corps уюмунун колдоосу менен негизделген Компаньон микрокаржылык уюм катары ишин баштап, Кыргызстандагы алдыңкы микрокаржылык институттардын бири болуп өсүп чыкты. 2015-жылы Банктын негизги акционерлери болуп FMO жана Triodos Investment Management (Triodos Microfinance Fund жана Triodos Fair Share Fund аркылуу) кирген. Алардын стратегиялык колдоосу жана эл аралык тажрыйбасы Компаньондун толук форматтагы коммерциялык банкка айланышына өбөлгө түздү. Бул өнөктөштүктүн аркасында Банк Компаньон финансылык туруктуулугун бекемдеп, санариптик каналдар аркылуу кардарлардын базасын кеңейтип, продуктулардын түрлөрүн көбөйттү жана узак мөөнөттүү туруктуу өсүү үчүн бекем негиз түздү. Бүгүнкү күндө Банк Кыргызстандагы алдыңкы сегиз банктын катарына кирет. Өз инвестициялык стратегияларына ылайык, мурдагы акционерлер — Mercy Corps, FMO - Нидерланддык ишкердикти өнүктүрүү банкы жана Triodos Investment Management — өз инвестициялык циклин ийгиликтүү жыйынтыктады.

2025-жылдын 14 ноябрынан тарта «Компаньон Банкынын» 100% акциялары Solaris Finance Limited компаниясы тарабынан сатып алынды. Бул компания — ROX Group аттуу дүйнөлүк деңгээлдеги көп тармактуу холдингдин стратегиялык өнөктөшү болуп саналат. ROX Group каржы, кайра жаралуучу энергия жана кыймылсыз мүлк тармактарында иш алып барат. ROX Groupтун колдоосу менен Solaris Finance Limited Банктын капиталдык базасын чыңдап, кеңейүү үчүн зарыл ресурстарды жана корпоративдик, МСБ жана жеке кардар сегменттеринде эл аралык банктык тажрыйбаны камсыздайт.
Мындан тышкары, Банк 6 миллиондон ашык кардарды тейлеген Түштүк-Чыгыш Азиядагы эң тез өсүп жаткан санариптик банктык платформалардын тажрыйбасына негизделген өнүккөн санариптик мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланат. Бул Компаньондун санариптик трансформациясын тездетүүгө жана кардарларга багытталган инновациялык чечимдерди ишке ашырууга чоң мүмкүнчүлүк жаратат.

Компаньондун жергиликтүү рынокту терең билүүсүн жана коомчулук менен тыгыз байланышын жаңы өнөктөштүн дүйнөлүк финансылык күчү жана технологиялык тажрыйбасы менен айкалыштыруу аркылуу, Банк Компаньон ишенимдүү жана сапаттуу кызмат көрсөтүүнү улантып, жеке жана бизнес кардарлар үчүн жогорку нарктуу кызматтардын жана продуктулардын спектрин кеңейтет.

  • Бардык банктык кызматтар мурдагыдай эле үзгүлтүксүз көрсөтүлөт. Бардык келишимдер күчүндө калат, кардарлар алдындагы милдеттемелер толугу менен аткарылат. Расмий маалымат Банктын расмий сайтында жарыяланат.

Кошумча маалымат алуу үчүн 88 00 (Кыргызстандын бардык мобилдик операторлорунан акысыз чалуу) номерине байланышсаңыз болот.

«Компаньон Банкы» өз миссиясына берилген бойдон кала берет — калкка ишенимдүү финансылык кызматтарга жетүүнү кеңейтүү, коомчулукту колдоо, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү өстүрүү жана өлкө боюнча заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу банктык чечимдерди сунуштоо.

Бөлүшүү