kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • ОТР-код — сиз үчүн гана. Аны башкаларга берүү кооптуу

Банк жаңылыктары

ОТР-код — сиз үчүн гана. Аны башкаларга берүү кооптуу

жалган куран айы 18, 2026

ОТР-код — сиз үчүн гана. Аны башкаларга берүү кооптуу 


Урматтуу кардарлар!

Көңүлүңүздөрдү бурабыз:

Банктын кызматкерлери эч качан чалып, ОТР-коддорду (бир жолку сырсөздөр — адатта бул сандар жана «тиркемеге кирүү коду» деген жазуу менен келет), ошондой эле башка купуя маалыматтарды (PIN-код, CVV-код, тиркемелердин сырсөздөрү жана SMS-коддор) сурашпайт.


Эгер сизге чалып же билдирүү жазып, банк тиркемесинен ОТР-кодду айтууну суранышса — бул алдамчылар.


Суранабыз, коопсуздук эрежелерин сактаңыз:
 - ОТР-коддорду жана сырсөздөрдү эч кимге айтпаңыз
 - Картаңыздын жана аккаунтуңуздун маалыматтарын бербеңиз
 - Шектүү чалуулар болсо дароо сүйлөшүүнү токтотуңуз

Банктын расмий байланыш каналдары аркылуу 8800 номерине кайрылыңыз

Эсиңизде болсун: ОТР-кодду үчүнчү жактарга берүү сиздин каражаттарыңызга уруксатсыз жетүүгө алып келиши мүмкүн.


Биз ар дайым байланыштабыз: 88-00​

Бөлүшүү