- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- КОМПАНЬОН БАНКЫ ЖАНА RCA LIVING HULT PRIZE KYRGYZSTAN 2026 УЛУТТУК ЭТАБЫН КОЛДОШТУ
Банк жаңылыктары

КОМПАНЬОН БАНКЫ ЖАНА RCA LIVING HULT PRIZE KYRGYZSTAN 2026 УЛУТТУК ЭТАБЫН КОЛДОШТУ
КОМПАНЬОН БАНКЫ ЖАНА RCA LIVING HULT PRIZE KYRGYZSTAN 2026 УЛУТТУК ЭТАБЫН КОЛДОШТУ
Компаньон Банкы жана RCA Living Кыргызстан боюнча жаш лидерлерди, студенттерди жана командаларды бириктирген Enactus Kyrgyzstan тарабынан уюштурулган Hult Prize Kyrgyzstan 2026 эл аралык социалдык ишкердик долбоорлор сынагынын улуттук этабынын демөөрчүлөрүнүн бири болду. Бул жаштар ишкердиги жана социалдык стартаптар жаатындагы дүйнөдөгү эң ири аянтчалардын биринин улуттук этабы болуп саналат.
Быйыл сынакка Кыргызстандын бардык аймактарынан 23 студенттик команда катышып, технология, экология, инклюзия, туруктуу өнүгүү жана социалдык инновациялар багытындагы долбоорлорун сунушташты. Катышуучулар адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга жана заманбап социалдык демилгелерди өнүктүрүүгө багытталган чечимдерди көрсөтүштү.
Улуттук этаптын жеңүүчүсү болуп И. Раззаков атындагы КМТУнун Enactus командасы Navio долбоору менен табылды. Бул көрүүсү начар адамдар үчүн иштелип чыккан инновациялык таякча. Түзмөк геолокация, жерден 0,5 метрден жогору тоскоолдуктарды аныктоо, SOS баскычы жана башка технологиялык мүмкүнчүлүктөр менен жабдылып, көрүүсү начар адамдардын коопсуз жана ыңгайлуу кыймылдоосуна жардам берет.
Жеңүүчү команда Hult Prize сынагынын кийинки этабында Кыргызстанды Лондондо (Улуу Британия) көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
Иш-чаранын ачылышында Компаньон Банкынын башкаруучу директору Гүлзамира Туратбек кызы куттуктоо сөз сүйлөп, жаштар демилгелерин, инновациялык ой жүгүртүүнү жана коомго оң өзгөрүүлөрдү алып келген долбоорлорду колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
«Компаньон Банкы үчүн ишкердикти, инновацияларды жана социалдык жоопкерчиликти өнүктүргөн демилгелерди колдоо маанилүү. Мындай долбоорлор келечек үчүн туруктуу чечимдерди түзүүгө даяр лидерлердин жаңы муунун калыптандырат», — деп белгиледи Гүлзамира Туратбек кызы.
Билим берүү, жаштар жана социалдык демилгелерди колдоо Компаньон Банкынын ESG-ыкмасынын бир бөлүгү болуп саналат жана инклюзивдүү, туруктуу коомду өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатын чагылдырат.
Маалымат үчүн:
Enactus Kyrgyzstan — практикалык долбоорлор аркылуу жаштар ишкердигин, лидерликти жана социалдык демилгелерди өнүктүргөн эл аралык студенттик уюм. Enactus студенттерди, бизнес өкүлдөрүн жана академиялык коомчулукту туруктуу өнүгүүгө жана адамдардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган чечимдерди түзүү үчүн бириктирет.
Hult Prize — студенттер арасындагы дүйнөдөгү эң ири социалдык ишкердик долбоорлор сынактарынын бири. Аны көп учурда «студенттер үчүн Нобель сыйлыгы» деп аташат. Сынак дүйнөнүн ар тарабынан келген жаштар командаларын бириктирип, социалдык жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган инновациялык бизнес-чечимдерди сунуштоого мүмкүнчүлүк берет.
Бөлүшүү
