- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- КОМПАНЬОН БАНКЫ ПРЕМИАЛЫК KOMPANION PRIME КАРТАСЫН ТАРТУУЛАДЫ
Банк жаңылыктары

КОМПАНЬОН БАНКЫ ПРЕМИАЛЫК KOMPANION PRIME КАРТАСЫН ТАРТУУЛАДЫ
КОМПАНЬОН БАНКЫ ПРЕМИАЛЫК KOMPANION PRIME КАРТАСЫН ТАРТУУЛАДЫ
Компаньон Банкы Visa Signature платформасындагы жаңы премиалдык продуктун — Kompanion Prime картасын ишке киргизди. Бул продукт статустун, Банктын эксклюзивдүү артыкчылыктарын жана дүйнөлүк санариптик төлөм индустриясынын лидери Visa компаниясынын мүмкүнчүлүктөрүн айкалыштырат.
Kompanion Prime — жөн гана банктык карта эмес, күнүмдүк жашоодо жана саякаттарда ишенимдүү шерик.
Негизги финансылык артыкчылыктар:
Биринчи жылы акысыз тейлөө жана карта жеткирүү.
Накталай акча алуу — бардык банкоматтардан 0% комиссия менен, суммасына чектөө жок.
Бардык сатып алуулар үчүн 2% кешбэк (айына 2 000 сомго чейин).
Калдык каражат боюнча 3% жылдык киреше (5 000 сомдон жогору).
Ар бир транзакция боюнча SMS жана push-билдирмелер, кезексиз премиум тейлөө.
Карта резидент эместер үчүн да жеткиликтүү.
Карта чыгаруу наркы: резиденттер үчүн 3 000 сом, резидент эместер үчүн 5 000 сом.
Саякатчылар үчүн артыкчылыктар:
DragonPass бизнес-залдарына акысыз кирүү — жылына 4 жолу.
Түркиянын, Европанын, Армениянын жана Беларусиянын аэропортторунда Fast Track — жылына 10 жолу.
127 өлкөдө 3 GB чейин акысыз роуминг.
Дүйнө жүзү боюнча туристтик жана медициналык камсыздандыруу.
Алматы жана Астана аэропортторунда жүктү бекер таңгактоо — жылына 4 жолу.
Автоунаа ижарасына жана турак жай брондоого 35% га чейинки арзандатуу (Booking, Agoda, Sixt, AVIS ж.б.).
Q Meet & Assist кызматтарына 20% арзандатуу.
Премиум сервис:
Visa Luxury Hotel Collection программасы — бекер эртең мененки тамак, кеч чыгып кетүү, номерди бекер жаңыртуу мүмкүнчүлүгү.
Сатып алуулардын коргоосу жана камсыздандыруусу.
24/7 консьерж-сервис (Telegram жана Viber чат-боттору аркылуу): ресторан брондоо, билеттер, трансфер, товар жана кызмат издөө.
Visa 360 эл аралык колдоосу жана күнү-түнү иштеген кардарларды тейлөө кызматы.
Финансыңызды башкаруунун ыңгайлуулугу:
Чыгымдарды реалдуу убакытта көзөмөлдөө.
Картаны заматта блоктоо жана ачуу.
Пополнение жана которуулар бир нече баскыч менен.
Автоматтык көчүрмөлөр жана чыгымдардын категориялар боюнча талдоосу.
Картаны кантип алуу керек:
Резиденттер үчүн: паспорт же ID жана арыз.
Резидент эместер үчүн: паспорт, жашоого укук берүүчү документ (жарактуу виза, убактылуу жашоо, ВНЖ) жана арыз.
Kompanion Prime сиз үчүн күн сайын иштейт. Жакынкы Компаньон Банк бөлүмүнө кайрылып, премиум деңгээлди сезиңиз!
Биз ар дайым байланыштабыз: 88 00 (мобилдик телефондон чалуу акысыз) же WhatsApp: 0 770 33 88 00.
Бөлүшүү