- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- «КОМПАНЬОН БИЗНЕС» МЕНЕН ИШКЕР БАЙЛАНЫШТАРДАН КИРЕШЕ ТАБЫҢЫЗ
Банк жаңылыктары

«КОМПАНЬОН БИЗНЕС» МЕНЕН ИШКЕР БАЙЛАНЫШТАРДАН КИРЕШЕ ТАБЫҢЫЗ
Сиздин ишкер тааныштарыңыз, өнөктөштөрүңүз же өз бизнеси бар досторуңуз барбы? Анда бул жаңылык сиз үчүн. Компаньон Банкы жеке ишкерлер үчүн акция баштады: досуңузду чакырыңыз — акча алыңыз.
Бул кантип иштейт?
Эгер сиз «Компаньон Бизнес» мобилдик тиркемесин колдонуп жүрсөңүз, досуңузга жеке рефералдык шилтемеңизди жөнөтөсүз. Ал тиркемени жүктөп алып, идентификациядан өткөндөн кийин, сиздин «Компаньон Бизнес» балансыңызга 500 сом автоматтык түрдө түшөт.
Мындан тышкары, ал жалпы суммасы 20 000 сом жогору болгон 20 QR-төлөмдү кабыл алса досуңуз да 500 сом бонус алат.
Маанилүү: акцияга катышуу туура эсептелиши үчүн, чакырылган ишкер адегенде «Компаньон Бизнес» тиркемесин өз алдынча жүктөп алышы керек, андан кийин гана сиздин рефералдык шилтемеңиз же QR-кодуңуз аркылуу өтүп, идентификациядан өтүүсү зарыл.
Ишкерлер «Компаньон Бизнес» тиркемесин төлөмдөрдү кабыл алуу, эсептешүүлөрдү жүргүзүү жана каржыны башкаруу үчүн активдүү колдонушат — тез, ыңгайлуу, телефондогу толук кандуу офис сыяктуу.
Маанилүү маалымат:
— акцияга чакыруучу — Банктын кардары болгон каалаган юридикалык жак; чакырылган — каалаган жеке ишкер катыша алат
— чакырылган достордун саны чектелбейт;
— чакыруу үчүн берилген бонус автоматтык түрдө эсептелет, ал эми активдүүлүк үчүн бонус бир жолу, бир жуманын ичинде берилет.
Акциянын мөөнөтү: 2025-жылдын 15-декабрынан 2026-жылдын 14-мартына чейин.
Тиркемени сунуштаңыз, айланаңыздагы бизнестин өсүшүнө жардам бериңиз жана чыныгы акча табыңыз.
«Компаньон Бизнес» тиркемесин жүктөп алып, өз рефералдык шилтемеңизди алыңыз да, бүгүнтөн баштаңыз.
Акциянын шарттары тууралуу толук маалымат: «КОМПАНЬОН БИЗНЕС» МЕНЕН ИШКЕР БАЙЛАНЫШТАРДАН КИРЕШЕ ТАБЫҢЫЗ
Бөлүшүү
