kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • Компаньон Банкы — КРдеги KWIKPAY эл аралык акча которуулар системасын МОБИЛДИК ТИРКЕМЕДЕ ишке киргизген жалгыз банк

Банк жаңылыктары

Компаньон Банкы — КРдеги KWIKPAY эл аралык акча которуулар системасын МОБИЛДИК ТИРКЕМЕДЕ ишке киргизген жалгыз банк

бирдин айы 19, 2026

Компаньон Банкы — КРдеги KWIKPAY эл аралык акча которуулар системасын МОБИЛДИК ТИРКЕМЕДЕ ишке киргизген жалгыз банк  


Компаньон Банкы кардарлар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, KWIKPAY эл аралык акча которуулар системасын эми «Компаньон» мобилдик тиркемесинде ишке киргизди.

Бүгүнкү күндө Компаньон Банкы бул кызматты онлайн форматта сунуштаган Кыргыз Республикасындагы жалгыз банк болуп саналат.

KWIKPAY аркылуу которууларды онлайн алыңыз — тез жана ыңгайлуу.

«Компаньон» мобилдик тиркемесинде жаңы функция жеткиликтүү болду — KWIKPAY системасы аркылуу акча которууларды ФИО боюнча түз эле капчыкка же картага алуу, банк бөлүмүнө барбастан.

Которууну кантип алуу керек:

 - «Компаньон» мобилдик тиркемесин ачыңыз.

 - «Которуулар» бөлүмүнө өтүңүз.

 - «KWIKPAY» тандаңыз.

 - Каражат түшө турган капчыкты же картаны көрсөтүңүз.

Төмөнкү маалыматтарды киргизиңиз:

 - которуунун контролдук номерин (КНП);

 - жөнөтүлгөн сумманы жана валютасын.

 - операцияны ырастаңыз.


Каражат дароо түшөт.

Маанилүү маалымат:
Каражат реалдуу убакыт режиминде түшөт. Которуулар тарыхы мобилдик тиркемеде сакталат.

Биз дайыма байланыштабыз: 88 00

Бөлүшүү