kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! АЛДАМЧЫЛАР МЕССЕНДЖЕРЛЕР (WHATSAPP/TELEGRAM) АРКЫЛУУ АЛДОО СХЕМАСЫН ӨРКҮНДӨТҮШТҮ

Банк жаңылыктары

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! АЛДАМЧЫЛАР МЕССЕНДЖЕРЛЕР (WHATSAPP/TELEGRAM) АРКЫЛУУ АЛДОО СХЕМАСЫН ӨРКҮНДӨТҮШТҮ

баш оона айы 19, 2026

Урматтуу кардарлар!

Акыркы учурда алдамчылар сиздин туугандарыңыздын, досторуңуздун же тааныштарыңыздын мессенджерлерин (WhatsApp/Telegram) бузуп, алардын атынан сизге акча карызга суроо учурлары көбөйдү. Мунун үстүнө, алдамчылар сиздин этияттыгыңызды жоготуу үчүн жаңы, дагы да айлакер ыкманы колдоно башташты.

Бул схема кандай иштейт:

Алдамчылар бузулган аккаунттун жазышууларын изилдеп, ал адам сизге кантип кайрылганын билип алышат («байке», «эже», «кызым», «балам» ж.б.), ошондуктан билдирүү мүмкүн болушунча ишенимдүү көрүнөт.

Алдамчылыктын белгилери:

  • Акчаны тааныштын өз банктык реквизиттерине эмес, QR-код аркылуу которууну суранышат

  • Сиз чалганда же үн билдирүү менен инсандыгын ырастоону сураганда, чалуу үзүлүп калат, ордуна адам «азыр дарыгердин кабылдамасында» же «сүйлөй албайм» деген сүрөт же видео жиберишет

  • Кыска убакытка (мисалы, 2-3 саатка) «тез арада» карыз суранышат

Эстен чыгарңыз:

  • Сүрөт же видео инсандыкты ырастоо БОЛУП ЭСЕПТЕЛБЕЙТ — мындай материалдарды эски жазышуудан же бузулган телефондун галереясынан оңой эле алууга болот. Чыныгы ырастоо — бул реалдуу убакытта жеке сүйлөшүү гана.

Эмне кылуу керек:

  • Адамга анын номерине түз эле кадимки чалуу менен чалыңыз — мессенджер аркылуу эмес

  • Эгер чалуу үзүлүп калса же жообуна жалаң гана сүрөт/видео жиберишсе — бул алдамчылыктын анык белгиси

  • Адам менен башка канал аркылуу байланышыңыз (башка номер, жалпы тааныштар, туугандар)

  • Тааныш өзү жеке айтпаган QR-код же реквизиттер боюнча эч качан акча которбоңуз

  • Күмөн санасаңыз — бул чын эле сиздин тууганыңыз же досуңуз экенине 100% ынангыча которбоңуз

Этият болуңуз жана жакындарыңызды эскертиңиз!

Коопсуздук маселелери боюнча 88 00 номерине кайрылыңыз

Бөлүшүү