- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- МИГРАНТ ҮЙ-БҮЛӨЛӨРҮ ЖАҢЫ АГРОПРАКТИКАЛАРДЫ ҮЙРӨНҮШҮҮДӨ: КОМПАНЬОН БАНКЫ, IFAD ЖАНА ЕВРОПАЛЫК БИРИМДИКТИН ТРЕНИНГИ
Банк жаңылыктары

МИГРАНТ ҮЙ-БҮЛӨЛӨРҮ ЖАҢЫ АГРОПРАКТИКАЛАРДЫ ҮЙРӨНҮШҮҮДӨ: КОМПАНЬОН БАНКЫ, IFAD ЖАНА ЕВРОПАЛЫК БИРИМДИКТИН ТРЕНИНГИ
МИГРАНТ ҮЙ-БҮЛӨЛӨРҮ ЖАҢЫ АГРОПРАКТИКАЛАРДЫ ҮЙРӨНҮШҮҮДӨ: КОМПАНЬОН БАНКЫ, IFAD ЖАНА ЕВРОПАЛЫК БИРИМДИКТИН ТРЕНИНГИ
Сентябрь 2025, Ош облусу, Кыргызстан
Сентябрда Ош облусунун Өзгөн районунда мигрант үй-бүлөлөрү жана айыл тургундары үчүн заманбап агрардык жана ветеринардык практикалар боюнча тренинг өткөрүлдү. Бул иш-чара акча которууларды алуучулар жана миграциядан кайтып келгендер үчүн ишкердик көндүмдөрүнө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү программасынын бир бөлүгү болуп саналат. Анын максаты — агробизнес-тренингдер аркылуу айылдагы ишкердикти колдоо.
Уюштуруучу — Компаньон Банкы, IFAD — Азык-түлүк жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча эл аралык фонд жана Европалык Биримдиктин колдоосу менен.
Иш-чарага ЕБ тараптан Cosimo Lamberti Fossati, Programme Manager, European Commission DG INTPA, ЕБнин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн, ошондой эле IFAD тараптан Нургүл Торобаева, REMIT PRIME Central Asia улуттук координатору катышты. Тренинг Kyrgyz REMIT: Айыл жеринде акча которууларга санарип жеткиликтүүлүк долбоорунун алкагында, ЕБ кошумча каржылоосу менен ишке ашырылган REMIT PRIME Central Asia программасынын бир бөлүгү болуп өттү.
Долбоордун максаты — мигранттардын акча которууларын жөн гана күнүмдүк колдоо эмес, айылдык жамааттарды туруктуу өнүктүрүүчү күчкө айлантуу. Бул үчүн эл аралык которуулардын санариптик каналдары киргизилип, мобилдик колдонмолордо жаңы сервистер иштелип чыгууда, жеке кардарлар үчүн финансылык продуктылар түзүлүүдө.
Программа ошондой эле билим берүүгө чоң маани берет. Ал эки багытты камтыйт: финансылык жана санариптик сабаттуулук боюнча тренингдер жана айыл чарба боюнча агротренингдер. Алар мигранттарга, алардын Кыргызстандагы үй-бүлөлөрүнө жана миграциядан кайтып келгендерге акчаны туура башкарууга, аны билимге, саламаттыкка жана ишкердикке жумшоого, ошондой эле чарбалардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жардам берет.
Бул жолку тренингдин темасы — «Сүт багытындагы уйларды тандоо жана көбөйтүү». Катышуучулар уй породалары, алардын өндүрүмдүүлүгү жана сүт багыты үчүн ылайыктуу жаныбарларды тандоо боюнча практикалык билим алышты.
Өзгөчө көңүл практикалык бөлүккө бурулду. Катышуучулар лекцияны гана угуп тим болбостон, өз көздөрү менен билимди кантип колдонууга болорун көрүштү. Бул аймактар үчүн өтө маанилүү, анткени ар бир чечим — уй сатып алуу, тоютко инвестициялоо же мал көбөйтүү — үй-бүлөнүн кирешесине түз таасир этет.
Компаньон Банкы, IFAD жана ЕБ чет өлкөдөгү мигранттарга, Кыргызстандагы алардын үй-бүлөлөрүнө жана кайтып келгендерге санарип продуктуларды, которууларды жана билимди күнүмдүк муктаждыктар үчүн гана эмес, билим берүү, саламаттык, чарбаларды өнүктүрүү жана жумуш орундарын түзүү үчүн колдонууга жардам берүүдө. Мындай программалар айыл үй-бүлөлөрүн каржылык жактан туруктуу кылып, бүтүндөй айылдарды өсүштүн жана келечектин чекитине айлантат.
Справочно
Компаньон Банкы жөнүндө:
Компаньон Банкы — Кыргызстандагы ири финансылык институттардын бири, Global Alliance for Banking on Values (GABV) мүчөсү. Банк кардарларга санариптик чечимдерди, чакан жана орто бизнес үчүн продуктуларды сунуштап, айыл жамааттарын өнүктүрүү боюнча демилгелерди жана долбоорлорду активдүү колдойт.
IFAD жөнүндө:
IFAD — Бириккен Улуттар Уюмунун адистештирилген агенттиги, 100дөн ашуун өлкөдө иш жүргүзөт. IFAD долбоорлорго инвестиция салып, айыл тургундарына жакырчылыктан чыгууга, туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана кирешелерди жогорулатууга жардам берет.
Европалык Биримдик жөнүндө:
ЕБ Кыргызстан үчүн туруктуу өнүгүү жана регионалдык демилгелер боюнча стратегиялык өнөктөш. DG INTPA (Directorate-General for International Partnerships) жакырчылыкты азайтуу, финансылык инклюзияны жогорулатуу жана айыл аймактарын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду колдойт.
Бөлүшүү