- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- Компаньон Банкы алдамчылыкка каршы демилгени колдойт
Банк жаңылыктары

Компаньон Банкы алдамчылыкка каршы демилгени колдойт
Компаньон Банкы алдамчылыкка каршы демилгени колдойт
Компаньон Банкы калктын финансылык жана санариптик сабаттуулугун жогорулатууга, ошондой эле финансылык кызматтарды колдонууда алдамчылыктын алдын алууга багытталган «Токто жана ойлон!» аттуу социалдык демилгеге кошулду.
Демилге Кыргызстандын Банктар союзу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, GIZ жана TSARKA Kyrgyzstan уюмдарынын катышуусунда ишке ашырылып, жарандардын коопсуздугун жогорулатуу үчүн негизги институттардын күчүн бириктирет.
Долбоордун алкагында көп адамдар топтолгон коомдук жайларда — соода борборлорунда, супермаркеттерде жана кардарлар активдүү болгон башка аймактарда — эскертүүчү билдирүүлөрү бар укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин реалисттик муляждары орнотулду.
Бүгүнкү күндө бул инсталляциялар орнотулуп, маанилүү функцияны аткарууда — кардарларга финансылык операцияларды кылдаттык менен жүргүзүүнү, белгисиз адамдарга акча которбоону жана «токтоп, ойлонуп» аракет кылууну эскертет.
Компаньон Банкы үчүн кардарлардын коопсуздугу артыкчылыктуу багыт болуп саналат.
Мындай демилгелерге катышуу банктын финансылык сабаттуулукту өнүктүрүүгө жана санариптик финансылык кызматтарга болгон ишенимди бекемдөөгө багытталган системалуу мамилесин чагылдырат.
Биз ар дайым байланыштабыз: 88-00, WhatsApp: +996 770 33 88 00
Бөлүшүү
