- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- Компаньон Банкы Кыргызстанда биринчилерден болуп Visa Direct for Account and Wallet эл аралык которууларын ишке киргизүүдө
Банк жаңылыктары

Компаньон Банкы Кыргызстанда биринчилерден болуп Visa Direct for Account and Wallet эл аралык которууларын ишке киргизүүдө
Компаньон Банкы Кыргызстанда биринчилерден болуп Visa Direct for Account and Wallet эл аралык которууларын ишке киргизүүдө
Ылдамдык жана ыңгайлуулук маанилүү болгондо.
Кыргызстандагы көптөгөн үй-бүлөлөр жана ишкерлер үчүн эл аралык акча которуулар жөн гана каржылык операция эмес, бул колдоо жана өнүгүү куралы.
Кээ бирлер үчүн — аралыкка карабастан жакындары менен байланышта болуу мүмкүнчүлүгү.
Башкалар үчүн — өнөктөштөр менен өз убагында эсептешүү, жеткирүүлөрдү төлөө жана бизнести токтобой жүргүзүү.
Бул муктаждыкка жооп катары, Банк Компаньон Кыргызстанда биринчи болуп заманбап эл аралык которуу сервистерин — Visa Direct for Account (VDA) жана Visa Direct for Wallet (VDW) ишке киргизди. Бул чечимдер акчаны чет өлкөгө мурдагы ыкмаларга караганда тез жана ыңгайлуу жөнөтүүгө мүмкүндүк берет.
Жаңы сервис аркылуу акча жөнөтсө болот:
• эсептен банктык эсепке
• эсептен электрондук капчыкка
Которуу жөнөкөй: кардар банк бөлүмүнө кайрылып, алуучунун маалыматын берет, жана каражат түздөн-түз эсептен жөнөтүлөт. Акча, адатта, багытына жараша бир күн ичинде түшөт.
Сервис төмөнкү бөлүмдөрдө жеткиликтүү:
• Борбордук филиал (Бишкек ш., Абдрахманов көч., 170/1)
• Бишкек филиалы (Бишкек ш., Киев көч., 248А)
• «Ай-Пери» филиалы (Бишкек ш., Чүй пр., 158)
• Ош филиалы (Ош ш., Курманжан Датка көч., 224А/1)
• «Ош-Датка» филиалы ( Ош ш., А. Масалиев көч, н/ж)
• «Манас» филиалы (Манас ш., Токтогул көч, 40).
Артыкчылыктары:
• жогорку ылдамдык
• кеңири география
• жеткиликтүү комиссиялар
• эсепке жана электрондук капчыкка жөнөтүү мүмкүнчүлүгү
• Visa эл аралык инфраструктурасынын ишенимдүүлүгү
• каражат алуучунун валютасында түшөт
Которуулар АКШ, Азия, Жакынкы Чыгыш жана башка өлкөлөргө жеткиликтүү.
Кенен маалымат:
88-00 | WhatsApp: +996 770 33 88 00
Бөлүшүү
