kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • RIA КОТОРУУЛАР ЭМИ КОМПАНЬОН БАНКЫНДА

Банк жаңылыктары

RIA КОТОРУУЛАР ЭМИ КОМПАНЬОН БАНКЫНДА

теке айы 26, 2024

Компаньон Банкы жана Ria которуулары менен дүйнө жүзү боюнча акча жөнөтүү жана алуу дагы да ыңгайлуу болуп калды!

Компаньон Банкы Ria системасы аркылуу эл аралык акча которуу кызматтарынын ишке киргизилгендигин жарыялайт! Эми биздин кардарлар дүйнөнүн 200 өлкөсүнө тез жана пайдалуу которуулардан пайдалана алышат.

Ria Money Transfer дүйнө жүзү боюнча 590 000ден ашык түйүн аркылуу акча жөнөтүү жана алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул интеграциянын аркасында Компаньон Банкынын кардарлары Европага, АКШга, ошондой эле жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө эң ыңгайлуу тарифтер боюнча банктын кеңселери аркылуу оңой жана коопсуз акча которо алышат, алардын ичинен 100дөн ашык мамлекет бар.

Ria тутумун колдонгон бардык операцияларды Компаньон Банкынын каалаган бөлүмдөрүндө жүргүзүүгө болот. Мындан тышкары, Ria аркылуу бардык которуулар “Которууларды жасап Компаньон Банкы менен саякатта” эл аралык которуулар боюнча акциясында эске алынат.

Кошумча маалымат үчүн кардарларды колдоо кызматына: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз) жана Банктын бөлүмдөрүнө кайрылыңыз.

Бөлүшүү