- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- АБАЛАЙҢЫЗ, КОМПАНЬОН БАНКЫНЫН АТЫН ШЫЛУУНДАР КОЛДОНУП ЖАТАТ
Банк жаңылыктары

АБАЛАЙҢЫЗ, КОМПАНЬОН БАНКЫНЫН АТЫН ШЫЛУУНДАР КОЛДОНУП ЖАТАТ
аяк оона айы 23, 2025АБАЛАЙҢЫЗ, КОМПАНЬОН БАНКЫНЫН АТЫН ШЫЛУУНДАР КОЛДОНУП ЖАТАТ
АБАЛАЙҢЫЗ, КОМПАНЬОН БАНКЫНЫН АТЫН ШЫЛУУНДАР КОЛДОНУП ЖАТАТ
Урматтуу кардарлар,
Бизге Facebook’та пайда болгон шылуун жарнамалар тууралуу билдирүүлөр келип түштү. Анда анкета толтуруу жана телефон номерин киргизүү үчүн «киреше» убада кылышууда. Бул жарнамаларда мыйзамсыз түрдө Компаньон Банкынын аты жана картасынын сүрөтү колдонулган.
Маанилүүсү:
Компаньон Банкы эч качан социалдык тармактар аркылуу телефон номерин же банктык маалыматтарды киргизүүнү талап кылган акцияларды өткөрбөйт.
Шылуундар кийинчерээк сизге чалып, SMS аркылуу келген бир жолку кодду (OTP) сурап акчаңызды уурдоого аракет кылышы мүмкүн.
Эгер OTPни айтсаңыз, кылмышкерлер мобилдик тиркеме аркылуу каражатыңызды чыгарып кетишет.
Өзүңүздү кантип коргойсуз:
Шектүү жарнамалардагы шилтемелерге кирбеңиз.
OTP, PIN-код же интернет-банктын сырсөзүн эч кимге айтпаңыз — атүгүл «банк кызматкери» деп тааныштыргандарга да.
Маалыматты ар дайым расмий булактардан текшериңиз — Компаньон Банкы акцияларды расмий сайтында жана верификацияланган социалдык баракчаларында гана жарыялайт.
Суроолоруңуз болсо Байланыш борборуна чалыңыз: 8800 же WhatsApp/Telegram: +996 770 33 88 00.
Шектүү жарнамаларды түз эле Facebook’ка даттаныңыз (нускамасы төмөндө).
Сиздин коопсуздугуңуз — биздин артыкчылыгыбыз. Этият болуңуз жана бул эскертүүнү жакындарыңыз менен бөлүшүңүз!
Facebook’тагы шектүү жарнаманы кантип даттанса болот:
Жарнамадан оң жактагы үч чекени (•••) басыңыз.
«Жарнамага даттануу» бөлүмүн тандаңыз.
Себебин көрсөтүңүз:
«Шылуундук же мошенничество»
«Башка компаниянын атынан чыгууда» (эгер бар болсо).
Көрсөтмөлөрдү аткарып, даттанууну жөнөтүңүз.
Пайдалуу кеңештер:
Жарнаманын скриншотун алдын ала сактап алыңыз (алар аны бат өчүрүп салышы мүмкүн).
Скриншотту Банктын расмий сайты аркылуу, мобилдик тиркемедеги чат же расмий Facebook баракчасы аркылуу жөнөтсөңүз болот — биз аны тиешелүү жактарга өткөрүп беребиз.
Даттануулар канчалык көп болсо, Facebook алдамчы жарнамаларды ошончолук тез өчүрөт.
Кошумча маалымат үчүн Клиенттерди колдоо кызматына кайрылыңыз: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (Кыргызстандагы мобилдик операторлордон чалуу акысыз).
Бөлүшүү