kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • «КОМПАНЬОН» ТИРКЕМЕСИНДЕ ОНЛАЙН-КРЕДИТТИ ТОЛУК МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ТӨЛӨӨ

Банк жаңылыктары

«КОМПАНЬОН» ТИРКЕМЕСИНДЕ ОНЛАЙН-КРЕДИТТИ ТОЛУК МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ТӨЛӨӨ

кулжа айы 24, 2025

Урматтуу кардарлар!

Биз сиздердин каржылык операцияларыңызды мүмкүн болушунча ыңгайлуу жана ачык кылуу үчүн дайыма аракеттенебиз. Эми сиздерде онлайн-кредитти толук мөөнөтүнөн мурда түз эле «Компаньон» мобилдик тиркемеси аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү пайда болду — ылдам, жеңил жана банкка баруунун кереги жок.

Тиркемеде кандай өзгөртүүлөр киргизилди?

Онлайн-кредиттер мобилдик тиркеменин «Кредиттер» бөлүмүндө автоматтык түрдө көрсөтүлөт. Кредиттин деталдарын ачып, сиз төмөнкүлөрдү көрө аласыз:

  • Төлөө графигин карап чыгуу;
  • Айлык төлөмдү жүргүзүү;
  • Эң негизгиси — толук мөөнөтүнөн мурда төлөмдү бир гана баскычты басып жүргүзүү.

Онлайн-кредитти мөөнөтүнөн мурда кантип төлөөгө болот?

  1. «Кредиттер» бөлүмүндө өзүңүздүн кредитиңизди тандап, «Талаптын деталдарын кароо» баскычын басыңыз.
  2. Андан кийин«Кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөө»баскычын басыңыз.
  3. Мөөнөтүнөн мурда төлөнө турган сумманы тастыктаңыз.
  4. Операцияны ырастоо үчүн көрсөтмөлөрдү аткарыңыз.
  5. Төлөм ийгиликтүү аяктагандан кийин кредит жабылганы тууралуу билдирүү келет.

Эскертүү: Кредит «Менин кредиттерим» бөлүмүнөн банктын жумуш күнү аяктагандан кийин автоматтык түрдө жок болот.

Бул функция iOS жана Android түзмөктөрүн колдонгон бардык кардарлар үчүн жеткиликтүү.

Маанилүү!
Эгерде сиздин тиркемеңизде мөөнөтүнөн мурда төлөө функциясы көрүнбөсө, анда «Компаньон» тиркемесин App Store же Google Play аркылуу акыркы версиясына жаңыртыңыз.

Бул эмне үчүн ыңгайлуу?

  • Убакытты үнөмдөйсүз — кезек күтүүгө жана банкка баруунун зарылчылыгы жок
  • Жөнөкөйлүк — кредитти смартфонуңуздан толук көзөмөлдөйсүз
  • Ылдамдык — кредитти дароо жабуу мүмкүнчүлүгү

Компаньон Банкы сиздер үчүн ыңгайлуу жана заманбап чечимдерди түзүүнү улантып жатат.

Кошумча суроолор үчүн 88 00 номерине кайрылыңыз.

Бөлүшүү