- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- "ЫҢГАЙЛУУ VISA BUSINESS: 0-2-3" АКЦИЯСЫ УЗАРТЫЛДЫ
Банк жаңылыктары

"ЫҢГАЙЛУУ VISA BUSINESS: 0-2-3" АКЦИЯСЫ УЗАРТЫЛДЫ
Ишкерлер үчүн "ЫҢГАЙЛУУ VISA BUSINESS: 0-2-3" акциясы 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылды!
Урматтуу кардарлар!
Биз ишкерлер үчүн пайдалуу болгон"ЫҢГАЙЛУУ VISA BUSINESS: 0-2-3" акциясынын мөөнөтү 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартылганын кубануу менен маалымдайбыз! Бул — сиздин бизнесиңиз үчүнVisa Business картасынын жана Компаньон Business мобилдик тиркемесинин артыкчылыктарын пайдалануунун эң сонун мүмкүнчүлүгү.
"ЫҢГАЙЛУУ VISA BUSINESS: 0-2-3" акциясынын 3 негизги артыкчылыгы:
✔️ 0% комиссия– картаны толтурууга жана накталай каражат алууга
✔️2% кэшбек– күн сайын нактасыз операцияларга
✔️ 3% жылдык пайыз– Visa Business сомдук карточкалык эсептеги калдыкка
✔️ 3% жылдык пайыз – сомдук эсептеги калдыкка
Visa Business картасы жана Компаньон Business тиркемеси сизге эмнелерди сунуштайт?
Акысыз эсеп ачуу жана карта алуу.
Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн эсепти жана Visa Business картасын бекер жана тез ачуу. Карта чыгаруу жана биринчи жылкы тейлөө – акысыз.Картаны 0% комиссия менен толтуруу.
Visa Business картасын өнөктөш төлөм терминалдары жана электрондук капчыктар аркылуу бекер толтурсаңыз болот.Накталай каражат алуу – 0% комиссия.
Visa Business картасынан Кыргызстандагы бардык банкоматтар аркылуу комиссиясыз акча ала аласыз.Күн сайын 2% кэшбек.
Кыргызстанда жана чет өлкөдө POS-терминалдар жана интернет аркылуу жасалган нактасыз төлөмдөрдүн жалпы суммасынан күн сайын 2% кэшбек кайтарылат. QR төлөмдөр үчүн кэшбек берилбейт.
Кимдер катыша алат?
Банк Компаньон тарабынан чыгарылган Visa Business картасынын бардык ээлери жана Компаньон Business мобилдик тиркемесинин колдонуучулары болгон юридикалык жактар жана жеке ишкерлер акцияга катыша алышат.
Бизнесиңиз үчүн ыңгайлуу шарттарды колдонууга шашылыңыз!
👉 Акциянын толук шарттарын бул шилтемеден таба аласыз: Visa Business 0-2-3 акциясынын шарттары
📅 Акциянын мөөнөтү: 2024-жылдын 2-октябрынан 2025-жылдын 31-декабрына чейин.
📞 Суроолоруңуз болсо, 88 00 номерине кайрылыңыз — биз дайыма байланыштабыз!
Бөлүшүү