- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- ДҮЙНӨЛҮК КАРАЖАТ ТОПТОО КҮНҮ-2025. КОМПАНЬОН БАНКЫ ГЛОБАЛДЫК ДЕМИЛГЕГЕ КОШУЛАТ
Банк жаңылыктары

ДҮЙНӨЛҮК КАРАЖАТ ТОПТОО КҮНҮ-2025. КОМПАНЬОН БАНКЫ ГЛОБАЛДЫК ДЕМИЛГЕГЕ КОШУЛАТ
ДҮЙНӨЛҮК КАРАЖАТ ТОПТОО КҮНҮ-2025. КОМПАНЬОН БАНКЫ ГЛОБАЛДЫК ДЕМИЛГЕГЕ КОШУЛАТ.
Кийинки жумада, 27-октябрда, дүйнө жүзү боюнча Дүйнөлүк каражат топтоо күнү (World Savings Day – 2025) башталат. Бул эл аралык кампания — элге каржылык сабаттуулуктун, акча топтоо маданиятынын жана банк тутумуна ишенимдин маанисин эскертип туруу үчүн өткөрүлөт.
Бул майрам жыл сайын 31-октябрда белгиленип, жүздөгөн өлкөлөрдү жана миллиондогон катышуучуларды бириктирет.
ТАРЫХЫНА КЫСКАЧА СЕРЕП
Дүйнөлүк каражат топтоо күнү, эң алгачкы, 1924-жылы Италиянын Милан шаарында, Эл аралык сактык банктарынын конгрессинде өткөн.
Бул идеяны профессор Филиппо Равицце сунуштап, каражатка жоопкерчилик менен мамиле кылуу зарылдыгын баса белгилеген.
1989-жылы БУУнун токтому менен расмий түрдө бекитилип, каржылык жоопкерчилик, туруктуулук жана ишенимдин символуна айланган.
КОМПАНЬОН БАНКЫ ЭМНЕ КЫЛАТ
Компаньон Банкы бир катар иш-чараларды өткөрөт - мектептер, өнөктөштөр жана кардарлар менен бирге коопсуздук, жоопкерчилик жана каржылык аң-сезимдүү чечимдер жөнүндө сүйлөшөт.
Ачылыш күнү: 26-октябрь - Бирге фестивалы, лекция «Каражат сактоо боюнча көбүрөөк билиңиз».
Жабылуу күнү: 31-октябрь 2025-жыл- Каржылык жарманке, Бишкек шаары, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи.
Региондордо:
Балыкчы — 27/10/2025, Кара-Тоо айылы, лицей №15
Каракол — 27/10/2025, К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети
Токтогул — 28/10/2025, СПТУ-39
Талас — 28/10/2025, Талас мамлекеттик университети
Өзгөн — 28/10/2025, Б. Мурзубраимов атындагы эл аралык институт
Манас — 28/10/2025, Эл аралык университет
Чүй — 28/10/2025, Кара-Балта шаары, С. Мамбеткалиев атындагы Чүй мамлекеттик университети.
Тренингдер акысыз жана ачык, бардык каалоочуларды чакырабыз!
Бардык жаңылыктарды биздин расмий каналдардан жана социалдык тармактардан #KompanionВДС2025 хэштеги менен байкап туруңуз.
Компаньон Банкы — каржылык сабаттуулук, ишеним жана туруктуу өнүгүү үчүн.
Бирге — жакрын келечекти жараталы!
#worldsavingsday #каражаттоптоо2025
Бөлүшүү
