- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- БАНК КОМПАНЬОН КЫРГЫЗСТАНДА ESG ЖАНА ТУРУКТУУ КАРЖЫЛООНУ КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА ДОЛБООРДУН РАСМИЙ ЖАБЫЛЫШЫНА КАТЫШТЫ
Банк жаңылыктары

БАНК КОМПАНЬОН КЫРГЫЗСТАНДА ESG ЖАНА ТУРУКТУУ КАРЖЫЛООНУ КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА ДОЛБООРДУН РАСМИЙ ЖАБЫЛЫШЫНА КАТЫШТЫ
БАНК КОМПАНЬОН КЫРГЫЗСТАНДА ESG ЖАНА ТУРУКТУУ КАРЖЫЛООНУ КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА ДОЛБООРДУН РАСМИЙ ЖАБЫЛЫШЫНА КАТЫШТЫ
14-ноябрь 2025-жылы Бишкек шаарында German Sparkassenstiftung тарабынан ишке ашырылган «Кыргызстандагы жеке сектордун туруктуу өнүгүүсү» долбоорунун расмий жабылыш аземи өттү.
Долбоор Германия Өкмөтү (BMZ), Европа Бирлиги жана Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган, GIZ ишке ашырган «Кыргыз Республикасында жашыл экономика жана жеке сектордун туруктуу өнүгүүсү» программасынын алкагында ишке киргизилген.
Банк Компаньон долбоордун негизги өнөктөштөрүнүн бири катары чыгып, туруктуу каржылоонун инструменттерин — ESG Risk Radar жана Sustainable Finance Compass — колдонуу менен алынган жыйынтыктарды сунуштады.
Бул инструменттердин негизинде Банк Компаньон кредиттик портфелдин ESG-рисктерин ички баалоодон өткөрүп, өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктады, туруктуу каржылоону 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча жол картасын иштеп чыкты жана кызматкерлердин компетенцияларын ESG жана туруктуу финансылар боюнча бекемдеди.
Иш-чарада банктын атынан туруктуу өнүгүү боюнча менеджер Кымбат Жанышова сөз сүйлөп, төмөнкүлөрдү баса белгиледи:
«ESG ыкмалары бизге ачык-айкындуулукту жогорулатууга, рисктерди натыйжалуу башкарууга жана социалдык-экологиялык таасирибизди күчөтүүгө жардам берет. Биз өнөктөштөргө командабыздын потенциалын жогорулатууга жана туруктуу каржылоонун эл аралык мыкты тажрыйбаларын интеграциялоого мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазыбыз. Туруктуу финансы банкка гана эмес, өлкөгө да өнүгүүгө шарт түзөт. Биз алган билимдер жана инструменттер Кыргызстандагы аймактар жана адамдар үчүн позитивдүү таасир жараткан демилгелерди колдоого мүмкүнчүлүк берет».
Банк Компаньон туруктуу өнүгүү принциптерине бекемдигин тастыктап, Кыргызстанда социалдык жана экологиялык таасири бар инновациялык чечимдерди мындан ары да илгерилетет.
Маалымат катары:
Банк Компаньон — 20 жылдан ашык иш тажрыйбасы бар, ESG принциптерин бекем карманган, өлкө боюнча кеңири бөлүмдөр жана агенттер тармагы аркылуу бардык жарандарга жеткиликтүү жана коопсуз кызматтарды сунуштаган санариптик банк.
German Sparkassenstiftung — каржы секторун өнүктүрүү боюнча көп жылдык тажрыйбага ээ эл аралык фонд. Фонд туруктуу финансы принциптерин жайылтып, каржы уюмдарынын потенциалын чыңдоо жана жеке секторду өнүктүрүү багытында иш алып барат.
Бөлүшүү
