kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • ОНЛАЙН-КРЕДИТТЕР БОЮНЧА 31-ДЕКАБРЬДЕН 3-ЯНВАРЬГА ЧЕЙИН ӨЗГӨРҮҮЛӨР

Банк жаңылыктары

ОНЛАЙН-КРЕДИТТЕР БОЮНЧА 31-ДЕКАБРЬДЕН 3-ЯНВАРЬГА ЧЕЙИН ӨЗГӨРҮҮЛӨР

бештин айы 30, 2025

Урматтуу кардарлар!

Жакын арада боло турган майрамдарга байланыштуу, «Компаньон» мобилдик тиркемесиндеги онлайн-кредиттер 2025-жылдын 31-декабрынан саат 22:00дөн 2026-жылдын 3-январына саат 09:00гө чейин жеткиликсиз болот.

Эгер сиз ушул мезгилде кредит алууну пландап жатсаңыз, ыңгайсыздыктарды болтурбоо үчүн арызды алдын ала берүүнү сунуштайбыз.

Жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу кредиттер боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтү төмөнкүчө жылдырыларын кабарлайбыз:

  • 2026-жылдын 2-январына белгиленген төлөмдөр 2026-жылдын 12-январына жылдырылат;
  • 2026-жылдын 5-, 6- жана 8-январына белгиленген төлөмдөр 2026-жылдын 13-январына жылдырылат;
  • 2026-жылдын 9-январына белгиленген төлөмдөр 2026-жылдын 14-январына жылдырылат.

Төлөмдөрдү пландаштырганда бул маалыматты эске алууну суранабыз.

Суроолоруңуз болсо, ар дайым 88 00 номери аркылуу байланышсаңыз болот.

Бөлүшүү