kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • САК БОЛУҢУЗ – АЛДАМЧЫЛАР!

Банк жаңылыктары

САК БОЛУҢУЗ – АЛДАМЧЫЛАР!

бугу айы 18, 2024

Урматтуу кардарлар!

Банк Компаньон өзүнүн 20 жылдыгына байланыштуу өткөрүлүп жаткандай түр көрсөтүлгөн жаңы алдамчылык ыкмалары тууралуу эскертет.

Алдамчылар банк 50 000 сомдук акчалай сыйлык берип жатат деген жалган маалыматты таркатып, «бүлүштүрүүгө катышуу үчүн» атайын номерге 3 800 сом которууну талап кылышууда.


Эскертебиз!


Банк Компаньон мындай акцияларды өткөрбөйт. Банк тарабынан уюштурулган бардык акциялар банктың расмий www.kompanion.kg сайтында гана жарыяланат.
Банк эч качан кардарлардан акцияга катышуу үчүн акча которууну суранбайт.

Эгерде сиз ушундай мазмундагы билдирүү же сунуш алсаңыз — дароо кардарларды колдоо кызматына кабарлаңыз:


📞 88 00же 0 (312) 33-88-00

Алдамчылардын торуна илинбеңиз! Сак болуңуз!

Банк Компаньон кардардын купуя маалыматтарын жоготууга, же шектүү интернет-булактар аркылуу маалымат берүүгө жана алдамчылык сайттар аркылуу жасалган транзакцияларга жоопкерчилик тартпайт.

Сиздин каржылык коопсуздугуңуз — биздин негизги артыкчылыгыбыз!

Бөлүшүү