kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • КОМПАНЬОН БАНКЫНЫН ЖАҢЫ ЛОГОТИБИ

Банк жаңылыктары

КОМПАНЬОН БАНКЫНЫН ЖАҢЫ ЛОГОТИБИ

бугу айы 9, 2024

Компаньон Банкы өзүнүн 20 жылдык мааракесине жана Банк кызматкерлеринин күнүнө карата өзүнүн жаңыртылган логотибин сыймыктануу менен тартуулайт. Жаңы логотип Банктын өнүгүү жана өсүү жолун гана эмес, өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсү үчүн ылайыктуу шарттарды түзүүгө болгон умтулуусун билдирет.

Жаңы логотипте “Компаньондун” негиздеринде камтылган бренддин мурасы жана баалуулуктары өзгөрүүсүз калды. Уюмдун стилинин борбордук элементин түптөлүүнүн жана өсүүнүн символу жана ишенимдин, туруктуулукка жана стабилдүүлүккө умтулуунун белгиси катары жашыл жалбырак түзөт.

Өзүнүн жыйырма жылдык тажрыйбасында Компаньон Банкы Кыргызстандын экономикалык чөйрөсүнүн ажырагыс бөлүгү болуп калды жана банктык системанын өнүгүшүнө жигердүү салым кошуп, кардарларын колдоп келе жатат. Өзүнүн миссиясын аткарууда Компаньон Банкы кардарлардын финансылык туруктуулугу үчүн бардык шарттарды түзүп, банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтип, алдыңкы сапаттагы кызмат көрсөтүүгө умтулат.

Компаньон Банкы өзүнүн кардарларына жана өнөктөштөрүнө жылдар бою көрсөткөн ишеними жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет. Ошондой эле бардык банк тармагынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктайт!

Биз жаркын келечек түзүүгө биргеликте салым кошуудабыз!

Бөлүшүү