- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- “Компаньон” тиркемеси аркылуу банктык картага кантип өз алдынча бөгөт коюу керек?
Банк жаңылыктары

“Компаньон” тиркемеси аркылуу банктык картага кантип өз алдынча бөгөт коюу керек?
“Компаньон” тиркемеси аркылуу банктык картага кантип өз алдынча бөгөт коюу керек?
Урматтуу кардарлар!
Сиздин каражаттарыңыздын коопсуздугун жогорулатуу максатында, эгерде:
- картаңызды жоготуп алсаңыз;
- картаңызды таба албай жатсаңыз;
- карта боюнча алдамчылык операциялар боюнча шектенүү пайда болсо,
анда Банкка кайрылбастан эле "Компаньон" мобилдик тиркемесинде банктык картаңызды өз алдыңызча бөгөттөй алаарыңызды эскертебиз.
"Компаньон" мобилдик тиркемесинде картаны кантип бөгөттөө керек:
- Тиркемени ачып, башкы экранда бөгөт коюуну каалаган картаны тандап, басыңыз.
- “Картанын жөндөөлөрү” бөлүмүн басып, “Картаны бөгөттөө”нү тандаңыз.
- Экранда пайда болгон маалымат менен таанышып, “Ооба” баскычы менен өзүңүздүн чечимиңизди тастыктаңыз.
Карта заматта бөгөттөлөт жана анын бетинде кулпу белгиси пайда болот.
Эгер карта буга чейин сиз тараптан тиркеме аркылуу бөгөттөлсө, сиз өз алдынча аны бөгөттөн да чыгара аласыз.
Тиркемени ачып, “Карталар” бөлүмүнө кириңиз жана буга чейин бөгөттөлгөн картаны тандаңыз.
“Бөгөттөн чыгаруу” баскычын тандап, чечимиңизди тастыктаңыз.
Даяр! Эми карта сатып алуулар жана кызматтарга төлөм жүргүзүү үчүн кайра жеткиликтүү.
Эгер картаңыз иштебей жатса, 88 00 номери аркылуу Кардарларды колдоо кызматына чалыңыз же Банктын жакынкы бөлүмүнө кайрылыңыз.
Ошондой эле, Банк кардарларга Жаңы жылдык майрамдар учурунда карта менен жүргүзүлгөн бардык төлөмдөрдү көзөмөлдөө үчүн “Компаньон” тиркемесинде push-билдирүүлөрдү иштетүүнү сунуштайт.
“Компаньон” тиркемесин колдонуп, картаңызды каалаган убакта көзөмөлдөңүз.
Бөлүшүү
