- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- Жаңылык: күйүүчү майды бөлүп төлөө менен алыңыз
Банк жаңылыктары
.png&w=3840&q=75)
Жаңылык: күйүүчү майды бөлүп төлөө менен алыңыз
Жаңылык: күйүүчү майды бөлүп төлөө менен алыңыз
Компаньон Банкы жана Red Petroleum май куюучу станцияларынан уникалдуу мүмкүнчүлүк — күйүүчү майды бөлүп төлөө менен алыңыз. 5 000 сомго чейинки каражатты RedPay тиркемесинен оңой эле ала аласыз.
Red Petroleum тармагынын станцияларынан күйүүчү майды бѳлүп тѳлѳѳ менен ылдам эле алыныз. 5000 сомго чейинки каражатты тез жана ашыкча тѳлѳмсүз ала аласыз.
Сумма: 1000 сомдон 5000 сомго чейин
Мѳѳнѳт: 15 күн
Номиналдык жылдык пайыздык чен: 0%
Күрѳѳсүз жана кепилдиксиз.
Кредитти ким ала алат?
RedPay уюлдук тиркемесин колдонгон, 18 жаштан 68 жашка чейинки жеке жактар жана ишкерлер:
Кыргызстандын паспорту бар
жалданма иштегендер жана расмий айлык акы алгандар (айлык акы тууралуу маалымат банк тарабынан КР Социалдык фондунантекшерилет) жана/же бизнес менен алектенген жеке ишкерлер.
Кантип алуу керек?
1. RedPay уюлдук тиркемесинде «Бѳлүп тѳлѳѳ» бѳлүмүн тандаңыз. Сиз дароо Компаньон Банкынын тиркемесине которуласыз.
2. Ачылган Банктын баракчасынан идентификациялоону ѳтуп, кредитке тапшырык жибериңиз.
3. Тапшырыкка макулдук алып, Банк менен келишим түзүңүз. Иш-чара 1 мүнѳткѳ жетпеген убакытты талап кылат.
4. RedPay тиркемесинде тандалган сумма менен виртуалдык күйүүчү май картасын алыңыз дагы кассада төлөм жүргүзүңүз.
Бөлүшүү