- Жеке кардаарлар учун
 
- Жаңылыктар
 
- ЭЛКАРТ Pay — Компаньон Банктан аркылуу байланышсыз төлөм!
Банк жаңылыктары
.png&w=3840&q=75)
ЭЛКАРТ Pay — Компаньон Банктан аркылуу байланышсыз төлөм!
ЭЛКАРТ Pay — Компаньон Банктан контактсыз төлөм менен операциялар!
Эми Компаньон Банкы чыгарган ЭЛКАРТ карталарынын ээлери сатып алууларды жана акча алууну контактсыз төлөм түрдө ишке ашыра алышат — жөн гана телефонуңузду терминалга же банкоматка жакындатыңыз!
💳 Кантип кошсо болот?
Android түзмөгүңүздө (OS 6.0.1 жана андан жогору, NFC колдоосу бар) Компаньон мобилдик тиркемеси аркылуу ЭЛКАРТ Pay функциясын активдештириңиз:
- «Компаньон» тиркемесин ачыңыз 
- ЭЛКАРТ картасын тандаңыз 
- Карта жөндөөлөрүнө өтүп, «Контактсыз төлөм» функциясын тандаңыз 
- «ЭлкартPay ди кошуу» баскычын басыңыз 
- Сиздин номерге келген СМС-кодду киргизиңиз 
- Даяр! Эми сиздин картаңыз байланышсыз төлөмгө кошулду 
📲 Маанилүү:
Телефонуңуздун «Контактсыз төлөм» бөлүмүндө «Компаньон» тиркемеси негизги колдонмо катары тандалганын текшериңиз:
- «Туташуу жана бөлүшүү» бөлүмүнө кириңиз 
- NFC’ни жандырыңыз 
- «Контактсыз төлөмдөр» бөлүмүн ачыңыз 
- «Негизги төлөм колдонмосу» катары «Компаньонду» тандаңыз 
🛑 iOS системасындагы чектөөлөргө байланыштуу ЭЛКАРТ Pay функциясы азырынча Android түзмөктөрүндө гана жеткиликтүү.
🎯 Функциянын артыкчылыктары:
- 🔐 Коопсуздук — карта маалыматы бир ирет токенделет, андан кийин төлөмдө токен гана колдонулат 
- ⚡ Ылдамдык 
- 📴 Интернетсиз иштейт — POS-терминал аркылуу төлөм учурунда түзмөктө интернет болбошу мүмкүн 
🏧 POS-терминал аркылуу төлөм процесси:
- Телефонуңузду блоктон чыгарыңыз 
- 5000 сомдон ашкан төлөмдө биометрикалык тастыктоо талап кылынат 
- Терминал ЭЛКАРТ NFC’ни колдоого тийиш 
🏧 Банкомат аркылуу акча алуу процесси:
- Телефонуңузду блоктон чыгарыңыз жана NFC модулуна жакындатыңыз 
- Опцияны тандагандан кийин, кайра жакындатуу талап кылынат 
- Банкомат ЭЛКАРТ NFC колдогон болушу керек 
Эми төлөмдөрдү жана накталай акча алууну бир тийүү менен ишке ашырууга болот — тез, ыңгайлуу жана коопсуз!
Компаньон Банкы заманбап технологияларды сиздин каржыңыздын башкаруусун жеңил жана ыңгайлуу кылуу үчүн ишке ашырууда!
ℹ️ Кененирээк маалымат үчүн 88 00 (мобилдик чалуу акысыз) же WhatsApp 0 770 33 88 00
Бөлүшүү

