kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • KWIKPAY аркылуу Түркияга акча которуулар

Банк жаңылыктары

KWIKPAY аркылуу Түркияга акча которуулар

чын куран айы 2, 2026

KWIKPAY аркылуу Түркияга акча которуулар

2026-жылдын 1-апрелинен тарта Компаньон Банкы эл аралык акча которуулардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет. Эми кардарлар KWIKPAY системасы аркылуу Түркияга АКШ долларында акча жөнөтө алышат.

Бул чечим эсептешүүлөрдүн ачыктыгын камсыздап, каражатты конвертациясыз алуу маанилүү болгон кардарлар үчүн ыңгайлуулукту жаратат.

Жөнөтүү тарифтери:

  • 1ден 100 USD чейин — комиссия 5 USD

  • 101ден 5 000 USD чейин — суммага карата 1%

KWIKPAY аркылуу которуулар географиясы

Ошондой эле KWIKPAY аркылуу төмөнкү өлкөлөргө акча которууга болот:

  • Россия

  • Өзбекстан

  • Армения

Кошумча маалымат

Түркия жана Өзбекстандагы акча алуу пункттарынын тизмеси kwikpay.ru сайтында жеткиликтүү.

Бардык жөнөтүлгөн жана алынган которуулар «ЧЕКСИЗ КОТОРУУЛАР — КОМПАНЬОН МЕНЕН МИЛЛИОН УТУП АЛ!» акциясына катышат.

Компаньон Банкы ылдам жана ыңгайлуу эл аралык которуулар үчүн санарип чечимдерди өнүктүрүүнү улантат.

Биз ар дайым байланыштабыз: 88-00

Бөлүшүү